2022-жылдын 3-сентябрь күнү Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө, аймактык ооруканага Россия мамлкетинин жараны 1998-жылы туулган А.В. бычактан алган жаракаттан улам түшкөнү боюнча маалымат келген.
Аталган окуя боюнча Ысык-Ата РИИБдин тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинде (Адам өлтүрүүгө аракеттенүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш ишин козгогон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, бул кылмышты 1984-жылы туулган А.А. аттуу жаран жасаганы аныкталып, ал адам окуядан кийин Казахстан Республикасына чыгып кеткени такталган.
Кылмышка шектүү издөөгө алынып, камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.
Ыкчам издөө иш-чаранын жүрүшүндө кылмышка шектүү А.А. аттуу жарандын жүргөн жери аныкталып, колго түшүрүлүп, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Тергөө уланып жатат.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы