Monthly Archives: June 2019

Чүй ОИИББы: “Чүй облусунун милиция кызматкерлери башаламандыктар болуусу мүмкүн деп даярдыктарды көрүшүүдө” деген маалымат чындыкка жатпайт

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында “Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери башаламандыктар болуп кетүүсү мүмкүн дешип даярданышууда” деген маалыматты жеке булактарга таянып жазышууда. Мындай маалыматтар чындыкка туура келбейт жана Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери күнүмдүк жумуштарын аткарышып жатканын билдиребиз. Аламүдүн районунун ИИБнүн Беш-Күнгөй айылдык милиция бөлүмчөсү Беш-Күнгөй, Кой-Таш жана башка айылдарды тейлегендиктен кызматкерлер күнүмдүк жумуштарын аткарышууда.

Read More »

Жайыл районунда окуучулардын бүтүрүү кечесинде коопсуздукту алдын алуу багытында жолугушуу болду

Билим берүүчү мекемелерде бүтүрүүчүлөр сынактарды тапшырышып, бүтүрүү кечелерин күтүп жатышкан учур. Окуучулар, ата-энелер ал тургай мугалимдер да толкунданып жатышкан мезгили. 2019-жылдын 18-июнь күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен райондук билим берүү бөлүмүндө мектеп директорлор, социалдык педагогдор, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда бүтүрүү кечесинде салтанаттарды белгилөө, аттестаттарды тапшыруу иш-чараларынын алкагында жолугушуу болуп 80ге жакын адам катышты. Жайыл району …

Read More »

Чүй районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө 43 жаштагы А.Д. арыз менен кайрылып, 2019-жылдын январь айында чала тааныш “А” аттуу бала анын “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаасын сатып берем деп арыз ээсинин ишеничине кирип, машинени алып кеткен боюнча же акчасын эмес же автоунааны бербей качып жжүргөнүн билдирип, ага карата чара көрүп берүүнү суранган. Бул арыз кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин …

Read More »

Токмок шаарында тартип бузууларды алдын алууга багытталган жолушуу болду

2019-жылдын 18-июль күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен шаардык мериянын имаратында жолугушуу болду. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чарада “Жаш өспурумдөр арасында тартип бузууларды алдын алуу”, “Жайында сууга түшүүдө жаш өспурүмдөрдүн коопсуздугу” жана “Бүтүрүү кечелеринде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо” боюнча суроолордун тегерегинде талкуу жүрдү. Жыйында Токмок шаарынын вице-мэри, прокуратура, Токмок …

Read More »

Жайыл районунда бирөөнү ур-токмокко алган жаран кармалды

2019-жылдын 14-июнь күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, бир эркек киши денесине алган жаракаттары менен кайрылганын билдирген. Айтылган дарекке Жайыл районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу чыгышып териштирүү учурунда ооруканага кайрылган жаран Жекен айылынын 50 жаштагы жашоочусу М.С. экендиги аныкталган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (денеге атайлап оор залал …

Read More »

Ысык-Ата районунда жасалма акча каражатын алып жүрүүгө шектелип эки жаран кармалды

2019-жылдын 16-июнь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Лебединовка айылынын 39 жаштагы жашоочусу Р.К. арыз менен кайрылып, 16-июнь күнү болжол менен саат 15:00 чамасында бейтааныш эркек балдар жасалма 8 миң еврону сомго алмаштырып кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 616 миң сомду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 225-беренеси (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) …

Read More »

ЭС АЛУУЧУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО ҮЧҮН ЧҮЙ ОБЛУСУНДА ЭКИ КӨЧМӨ КАБЫЛДАМА ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ

Чүй облусунда 2019-жылдын 18-июнь күнүнөн тарта жайкы туристтик мезгилге карата чет өлкөдөн келген жана жергиликтүү эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында милициянын 2 көчмө кабылдама пункту ишке кигизилди. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги милициянын көчмө кабылдамасы менен кезметке чыккан кызматкерлерге нускама өткөрүп, жарандарга сылык мамиле жасоого, эс алууга келген туристтердин жана ар бир жарандын коопсуздугун камсыздоого чакырды. Бул …

Read More »

Чүй ОИИББи: Манас айылында жаш өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды алдын алуу боюнча жолугушуу болду

2019-жылдын 17-июль күнү Сокулук районунун Манас айылындагы маданият үйүндө жаш өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды, топтошуп урушкан окуяларды алдын алуу максатында жолугушуу болуп өттү. Аталган иш-чарага Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Сокулук районунун ИИБнүн жетекчилиги, Чүй облусу боюнча жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери, облустук жана райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, сот аксакалдары, Ат-Башы, Фрунзе, Ак-Жол, Комсомол, …

Read More »

Чүй ОИИББи: Токмок шаарындагы өспүрүм кыздын окуясы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет

2019-жылдын 4-июнь күнү Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгына аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, 2004-жылы туулган жашы жете элек кыз кош бойлуу болуп кайрылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат тууралуу Токмок шаарынын ИИБге дагы кабарланган. Жогорудагы окуя Токмок шаарынын ИИБү тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 161-берениси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери …

Read More »

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жарандар колго түшүрүлгөн

2019-жылдын 7-июнь күнү Аламдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында уурулукка шектүү эки жаран кармалышкан. Ал 2018-жылдын февраль айынын аягында Аламүдүн районунун  Мыкан айылындагы үйлөрдүн биринде уурулук болуп, ал жерден зер буюмдар жана башка кымбат баалуу буюмдар уурдалган. Андан сырткары үйдүн алдында токтоп турган автоунааны да айдап кетишкен. Бул окуя Аламдүн районунун ИИБнө катталып, …

Read More »