Daily Archives: 04.06.2019

Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери Красная Речка айылындагы балдардын интернат-мектебине жардам көрсөтүштү

1-июнь -Балдарды коргоонун эл аралык күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери Красная Речка айылында жайгашкан кароосуз калган балдардын интернат-мектебине жардам көрсөтүп келишти. Ар майрам сайын Красная Речка айылында жайгашкан интернат-мектептин тарбиялануучуларына Чүй облусунун ИИББнын өздүк курамы колдон келген жардамдарын көрсөтүп келишет. Бул жолу интернат мектеп үчүн зарыл болгон кир жуучу каражаттарды жана кеңсе буюмдарын андан сырткары кийим-кечектер тапшырылды. …

Read More »

Москва районунда унаа уурдоого шектүүлөр кармалды

Үстүбүздөгү жалдын 30-май күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Беловодск айылынын 43 жаштагы жашоочусу К.Ж. арыз менен кайрылып 29-майдан 30-майга караган түнү Беловодск айылындагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр айдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Москва районунун ИИБнүн криминалдык милиция …

Read More »

Чүй районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

2019-жылдын 3-май күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө Чүй айылынын 62 жаштагы жашоочусу Д.А. арыз менен кайрылып, 2018-жылдын июнь айында Л.Т. аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип 18 даана кийим тигүүчү машинелерди ижарага алып ушул күнгө чейин же машинелерин кайтарбай же акчасын төлөбөй келгенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, …

Read More »

Кемин районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө Жаңы-Жол айылынын жашоочусу Ш.Ж. арыз менен кайрылып, 28-марттан 29-мартка караган түнү арыз ээсинин мал баккан сарайынан белгисиз адамдар бодо малын уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурулук) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кемин районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында,  кылмышка шектүү …

Read More »

Ысык-Ата районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

Буга чейин Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө бир нече жарандардан уюлдук телефондорун уурдатып жибергендиги тууралуу арыздар түшүп, алардын баары кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурулук) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү учурунда телефон уурдаган адам базардан, соода кылуучу жайдан жана маршруттук таксилерде уурдаганы аныкталып, ошол багытта иштер жүргүзүлгөн. Чүй …

Read More »