Daily Archives: 01.07.2022

Чүй облусунда карындашын кордогон адамдга ок чыгарган жаран кармалды

2022-жылдын 1-июль күнү саат 08:30 чамасында Чүй РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында эркек кишинин октон жаракат алгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде ыкчам-тергөө тобу дароо барып, ал жерден 1975-жылы туулган И.Р. аттуу жарандын жансыз денеси табышкан. Бул жаран октон алган жаракатынан улам тез жардам кызматы келгенге чейин каза болуп калганы аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын …

Read More »

Чүй облусунда куралдуу тоноо фактысынын бети ачылды

2022-жылдын 16-июнь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер органдарына белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен 1989-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кайрылган. Ал кайрылуусунда 2022-жылдын 14-июнунда саат 23:40тар чамасында медициналык бет кап кийген белгисиз адамдар тапанча менен кызматкерин коркутуп, Ивановка айылында жайгашкан кампалардын биринен акча каражаттарын ачык эле ээлеп, из жашырып кеткен жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин …

Read More »