Чүй облусунда жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлоруна окуу-семинар болуп өттү

2022-жылдын 9-10-ноябрь күндөрү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлоруна окуу семинар болуп өттү.

 Иш-чарага ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова, ИИМдин Академясынын коомдук саясий сабактар жана психология кафедрасынын улук окутуучусу Медер Карабаев, “Мобилдик унааларды колдоо” коомдук бирикмелеринин ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция кеңешчиси Константин Бедарев, Чүй ОИББнын начальнигинин орун басары Каныбек Абдырахманов, Чүй ОИББнын Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Эрлан Атантаев, Чүй ОИИБнин жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин өкүлдөрү катышышты.

Семинар жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ишмердүүлүгүнүн жогорулатуу, балдарга карата зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, экстремизм жана терроризмге азгырылуусу жана ошондой эле транс-улуттук коркунучтардын алдын алуу максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөөдөгү зомбулукту болтурбоого болгон потенциалды жогорулатуу жана үй-бүлөөдөгү зомбулукка кабылган балдарга коргоо ордерлерин берүү менен аларды ал чөйрөдөн алып чыгуу жолдору талкууланды. Ошондой эле катышуучуларга күнүмдүк жумушуна керектүү маалыматтар камтылган колдонмо китепчелер таратылып, соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *