ЖАҢЫЛЫКТАР

ИИМдин жана Жайыл РИИБдин Экстермизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракетенүү кызматы «ТЕРРОРИЗМ ЖАНА ЭКСТРЕМИЗМге КАРШЫ» аталышында  лекцияларды өткөрүштү

  2022-жылдын 12-майында ИИМдин жана Жайыл РИИБдин Экстермизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракетенүү кызматынын кызматкерлери биргеликте Жайыл РИИБдин өздүк курамына лекция өткөрүштү. Бул лекцияда Чүй облусунун аймагындагы терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүү иштери талкууланды. Андан соң ушул эле күнү райондун администрациясында, райондун окуучуларына да лекция уюштурулду. Иш-чарага Жайыл районунун акиминин орун басары А.Нурбеков, …

Read More »

Жайыл районунда тоноочулукка шектүү кармалды

  2022-жылдын 22-март күнү Жайыл районунун ИИБүнө   1982 жылы туулган жергиликтүү тургуну  И.А. аттуу жаран кайрылып, ал  2022-жылдын 21-март  күнү белгисиз дамадар тарабынан, ага карата күч колдонуп уюлдук телефонун тартып кеткендигин билдирген. Бул факты Жайыл РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республиксынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жайыл РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө …

Read More »

Панфилов районунда сот тарабынан издөөдө жүргөн жаран кармалды

  2022-жылдын 11-майында Панфилов РИИБдин Кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, сот тарабынан издөөдө жүргөн 1973-жылы туулган С.А.нын өздүгү такталып  колго түшүрүлгөн. Ал 2022-жылдын 24-мартында Панфилов райондук сотунун чечими менен өзүм билемдик фактысы боюнча иштин материалдарынын негизинде соттук териштирүүгө келбегендигине байланыштуу издөөдө жүргөн. Учурда кармалган жаран Панфилов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Read More »

Москва районунда бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирген деген шек менен жаран кармалды

  2022-жылдын март айында Москва районунун ички иштер органдарына 1979-жылы туулган А.И. арыз менен кайрылган.  Ал 15-март  күнү кечинде Беловодское айылынын көчөлөрүнүн биринде токтоп турган унаасынын дөңгөлөктөрүн жарып кеткен айтып белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү айткан. Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин (Башка адамдардын мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн …

Read More »

Чүй облусунун Кемин районунда  “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердигин жайылтуу фактысы аныкталды

  2022-жылдын 14-мартында Кемин РИИБнын Экстермизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракетенүү кызматы  тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердигин жайылтуу фактысы аныкталган. Бул факт Кемин РИИБдин  маалыматтатрды каттоо журналына катталып, милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалган. «Фейсбук» социалдык түйүнүн колдонгон жарандын баракчасында Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун идеологиялары бар экендиги аныкталып, …

Read More »

Кемин районунда уурулукка шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 7-майында Кемин РИИБине 1989-жылы туулган К.С. арыз менен кайрылган.  Ал өз арызында, 7-май күнү короодогу атын ээр токуму менен жашыруун уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү айткан. Бул факт Кемин РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Кемин РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү делип 2002-жылы туулган А.Ы. кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда уурдалган ат ээсине …

Read More »

Жеңиш күнүнүнө карата Чүй облусунда 900дөн ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөөдө

2022-жылдын 9-майында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын белгилөө учурунда Чүй облусунун аймагында 900дөн ашык милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоону камсыз кылууда. Чүй ОИИББнын борбордук аппаратынын жана Кайгуул-күзөт кызматынын 200дөн ашык кызматкери шаарыбызда болуп өткөн “Өлбөс полк” иш-чарасынын жүрүшүндө, коомдук тартипти көзөмөлдөөнү камсыз кылышты. Учурда Чүй облусунун баардык аймактарында да коомдук тартипти сактоо иштери уланууда.

Read More »

Жайыл районунун милиция кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттукташты

2022-жылдын 9-майында Жайыл РИИБдин жетекчилиги жана жалпы өздүк курамы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин жеңиш күнү менен куттукташты. Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Жайыл районунун аймагында жашаган 7 ардагерди куттуктап, акчалай белектерди тапшырып,  жеңишке кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүштү.  Жеңиш күнүнө арналган  иш-чара Чүй облусунун бардык аймактарында өткөрүлүп, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларын куттукташууда.

Read More »

Москва районунда малды туура эмес жерде айдап, жол кырсыгын болтурбоо максатында алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Уруксат берилбеген жерлерде мал айдоо менен байланышкан жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында Москва РИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын аймактык тескөөчүлөрү ЖКК кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн тартуу менен Москва районунда 2022-жылдын 3-майынан 4-майына чейин алдын алуу иш-чаралар өткөрүлүүдө. Ал иш-чараларга тартылган кызматкерлер малды айдоодогу негизги эрежелерди түшүндүрүүгө өзгөчө көңүл бурушуп келет. Иш-чаранын жүрүшүндө Беловодск, Петровка, …

Read More »

Чүй облусунда уурулукка шектелген жаран кармалды

Буга чейин Токмок ШИИБге арыз менен 66-жаштагы А.К кайрылып, 2022-жылдын 1-апрелинен 10-апрелине чейинки аралыкта короосунан унаанын 4 даана дөңгөлөктү, ширетүүчү аппаратты, 100 метр кабель жана ошондой эле эле уюлдук телефон урдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Келтирилген чыгым 80 миң сомдун тегерегинде болгон. Аталган факты Токмок шаарынын ИИБнын КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр …

Read More »