ЖАҢЫЛЫКТАР

Чүй облусунда “Подросток-Ночь” аталышында алдын алуу рейд иш-чарасы болуп өттү

Чүй облусунун аймагында 11-июлдан 13-июлга чейин “Подросток-Ночь” аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү. Аталган рейдге шаардык-райондук ички иштер бөлүмдөрүнөн 240 милиция кызматкери, билим берүү мекемелеринен, үй-бүлөө жана балдарды коргоо бөлүмүнүнөн, райондук мамлекеттик админстрацияларынын алдында түзүлгөн балдардын иштери боюнча комиссиясынан 87 кызматкер катышышты. “Подросток-Ночь” аталышындагы иш-чаранын максаты жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту алдын алууга багытталгандыктан ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок түнкүсүн жаштар …

Read More »

Токмок шаарында унаа уурдоого шектүү жаран кармалды

  Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 30 жаштагы жашоочу Т.Р. арыз менен кайрылып, 2018-жылдын 15-июль күнү түнкү саат 22:00 чамасында белгисиз адамдар анын «Volkswagen Passat» үлгүсүндөгү автоунаасын көчөдө токтоп турган жеринен уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча Токмок шаарынын ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) боюнча …

Read More »

Ысык-Ата районунда кара куурай өстүргөн жаран кармалды

  Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ново-Покровка айылынын 55 жаштагы жашоочусу А.Е. аттуу жарандын короосунда баңги затын камтыган кара куурай өсүмдүгү өстүрүлгөнү маалым болгон. Текшерүү маалында кара куурайларды атайлап өстүрүп жатканы аныкталып, 600 даана түп экендиги такталган. Алынган өсүмдүктүн жалпы …

Read More »

Унааларды жана башка мүлктү коопсуз сактоо кылмыштуулукту алдын алат

  Учурда унааларды белгисиз адамдар айдап качып кеткен окуялар көп кездешүүдө. Мындай окуяларга анализ кылган учурда унаа уурулугунун 70 % түнкү убакыттарда көп кабаттуу үйлөрдүн алдында токтоп турган учурларда болгону аныкталган. Чүй облусу боюнча уурдалган унаалардын көпчүлүгү  “Volkswagen Golf-2 -3”, “Audi-100”, “Mercedes-Benz-124” жана ‎”ВАЗ-2107” үлгүсүндөгү автоунаалар болгон. Белгилей кетүүчү жагдай, автоунааларды кароосуз унаа токтотуу жайга жана көчөдөгү дүкөндөрдүн жанына токтотуу …

Read More »

Жайкы эc алуу учурунда Чүй облусунда милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыздоо үчүн иш алып барышууда

  2018-жылдын эс алуу мезгилине карата 700 дөн ашуун милиция кызматкери Чүй облусу боюнча коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бекитилген. Бүгүнкү күнү облус аймагында 20 эс алуучу жайда чет өлкөлүк жана жергиликтүү жарандар эс алышууда. Алардын коопсуздугун камсыздоо эң алдыңкы орунга коюлган. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан ишеним телефон номерлер жазылган колдонмолор даярдалып, чет өлкөдөн келген эс алуучуларга …

Read More »

Кемин районунда сууга түшүүдө коопсуздбукту алдын алган иш-чара болуп өттү

  2018-жылдын 6-июль күнү Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү менен биргеликте сууга түшүүдө кырсыктарды алдын алууга багытталган рейд иш-чарасын уюуштурушту. Иш-чарада сууга түшүүдө суунун терең жерлерине чейин барбоого жана жуунганга мүмкүн болбогон көлмөлөрдө сууга түшүү кооптуу экендиги эскертилди. Чүй облусу боюнча сууга түшүүчү жайларда, көлмөлөрдө жаш өспүрүмдөрдүн сууга түшүүдөгү коопсуздугун алдын …

Read More »

Чүй облусунда сууга түшүү учурунда кырсыктарды алдын алуу иш-чарасы улантылууда

  Жайкы эс алууда сууга түшүп, салкын жерлерде убакыт өткөрүүнү самагандар көп болгону менен, көпчүлүк учурларда ата-энелердин жана бойго жеткен мекендештерибиздин көңүл коштугунан улам жаш өспүрүм балдардын сууга чөгүп кеткен каргашалуу учурлары катталып келүүдө. Белгилей кетсек, 2018-жылдын 6 ай ичинде Чүй облусу боюнча жаш балдардын сууга чөгүп кеткен каргашалуу окуялардын саны 10го жетип, анын ичинен болгону 1 жаш өспүрүм аман …

Read More »

Эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Чүй облусунда эки көчмө кабылдама ишке киргизилди

    Чүй облусунда 2018-жылдын 5-июль күнүнөн тарта жайкы туристтик мезгилге карата чет өлкөдөн келген жана жергиликтүү эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында милициянын 2 көчмө кабылдама пункту ишке кигизилди. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Самат Курманкулов кезметке чыккан кызматкерлерге нускама өткөрүп, жарандарга сылык мамиле жасоого, эс алууга келген туристтердин жана ар бир жарандын коопсуздугун камсыздоого …

Read More »

Ысык-Ата районунда телефон уурдоого шектүү жаран кармалды

Кант шаарынын 36 жаштагы жашоочусу Д.Э. Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, Биринчи май айылындагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган автоунаасынын ичинен белгисиз адамдар уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя боюнча   Ысык-Ата районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектүү делип, Бишкек шаарынын 28 …

Read More »

Милиция кызматкерлери тарабынан Кант шаарындагы базардан акча уурдоого шектүү жаран кармалды

Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 41 жаштагы жашоочу С.Н. арыз менен кайрылып, Кант шаарындагы баразда жайгашкан соода кылуучу контейнеринен бейтааныш адамдар акчаларын уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым такталууда. Ошол эле базарда соода кылган 36 жаштагы И.А. арыз менен кайрылып, контейнеринен 48 миң 500 сом акчасын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча Ысык-Ата районунун ИИБнүн тергөө кызматы …

Read More »