Monthly Archives: February 2020

Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

Сокулук районунун ички иштер органдарына жергиликтүү жашоочу А.Б. арыз менен кайрылып, 2019-жылдын май айында “Хенгим” аттуу эркек киши арыздануучунун ишенимине кирип, ири компаниялардын бирине жумушка орноштурууга убада кылып, алдоо жолу менен арыздануучудан 3000 АКШ долларын алып, ушул күнгө чейин акчасын кайтарып бербей жүргөнүн билдирген. Бул окуя кылмыштардын жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки …

Read More »

Сокулук районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

2020-жылдын 6-февраль күнү Сокулук районунун ички иштер органдарына Военно-Антоновка айылындагы көчөлөрдүн биринен болжол менен 35-40 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон жерге Сокулук районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин натыйжасында каза болгон жарандын өздүгү аныкталып, ал 51 жаштагы Д.Э. экендиги аныкталып, ал киши колдуу …

Read More »

Москва районунда уурулукка шектүү балдар кармалышты

2020-жылдын 9-январь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Петровка айылынын 62 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, 8-январдан 9-январга караган түнү белгисиз адамдар анын сарайынан майда жандыктарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 100 миң сомду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Ууроо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Москва районунун ИИБдүн кызматкерлери …

Read More »

Токмокто уурулукка шектүү кармалды

2020-жылдын январь айынын башында Токмок шаарынын ички иштер органдарына жергиликтүү 31 жаштагы айым арыз менен кайрылып, анын үйүнөн белгисиз адамдар телефонун жана 4000 сомун уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чйеинки өндүрүш иштери башталган. Токмок шаарынын ИИБдүн милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 21 жаштагы Ш.О. …

Read More »

Аламүдүн районунда тоноочулукка шектүү кармалды

2020-жылдын 4-февраль күнү Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Лебединовка айылынын 27 жаштагы жашоочусу З.М. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 4-февраль күнү болжол менен саат 14:30 чамасында, бейтааныш адам күч колдонуп арыздануучунун телефонун тартып алып, окуя болгон жерден из жашырып кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери …

Read More »

Жайыл районунун жашоочусу жергиликтүү милицияга ыраазычылыгын билдирди

Жайыл районунун жашоочусу Ш.Ж. аттуу аял Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине алардын ичинен Мурзаев Токтосун жана Ажыбеков Азамат аттуу кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирүү үчүн,  Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына кайрылган. Ал 22 жаштагы кызын колундагы баласы менен дайынсыз болуп жаткан учурда аз убакытын ичинде алардын жүргөн жерлерин аныкташып, таап беришкенин билдирген. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында Жайыл …

Read More »

Чүй облусунун ИИББда милиция кызматкерлери үчүн лекция окулду

Үстүбүздөгү жылдын 3-февраль күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын борбордук аппаратында “Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар” боюнча лекция окулду. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери, Кыргызстандын аймагында экстремисттик жана террористтик деп тыюу салынган диний уюмдардын социалдык түйүндөрдө жүргүзгөн иш-аракеттери тууралуу түшүндүрүп,  алардын иштердүүлүгүнүн негизинде жарала турган  коркунучтар тууралуу …

Read More »

Чүй районунун милиция кызматкерлери мектептерде алдын алуу иштерин уюштурушту

2020-жылдын 31-январь күнү Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен Чүй айылынын №14 орто мектебинде, өспүрүмдөр арасында тартип бузууларды алдын алууга багытталган иш-чара уюштурулду. Орто мектептин чоң класстары үчүн Чүй районунун ИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы, аймактык ооруканын дарыгери нарколог Л.И.Слезнева жана социалдык кызматкер …

Read More »