Monthly Archives: January 2021

Панфилов районунда милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барууда

2021-жылдын 7-янарь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Чүй облусунун райондоруна милициянын көчмө кабылдамасы катары пайдалануу үчүн жабдылган автоунаалар берилген. Алар 8-январдан тарта өз милдеттерин аткарууга киришти. Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жогорудагы көчмө кабылдама автоунаасы менен жергиликтүү тургундарга жолугушуп, алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Милициянын көчмө кабылдамасы Панфилов районунун баардык аймактарына чыгышып, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо …

Read More »

Чүй районунда милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө

Чүй районунда милициянын көчмө кабылдамасы менен кызматкерлер кылмыштуулукту жана тартип бузууларды алдын алуу максатында район аймагындагы жергиликтүү  тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп келишүүдө. Алдын алуу иш-чара учурунда милиция кызматкерлери жергиликтүү тургандарга алдыда боло турган шайлоо учурунда кандайдыр бир туура эмес аракеттерге, мыйзамсыз окуяларга күбө болсо дароо милицияга билдирүү керектегин эскертишүүдө. Ошону менен бирге социалдык тармактар аркылуу терс маанидеги такталбаган мааламаттарды таркатпоого …

Read More »

Чүй облусунда ардагерлер кеңеши жыл жыйынтыгын чыгарышты

Чүй облусунун ички иштер органдарынын ардагерлери, милициянын жаш кызматкерлерин тарбиялоодо, коомдук коопсуздукту камсыздоодо, алдын алуу жумуштарын жүргүзүүдө милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барышып ички иштер органдарына ар тараптуу колдоолорун көргөзүп келишет. Чүй облусунун ИИОнун  ардагерлери өткөн 2020-жылда коомдогу болуп жаткан баардык окуяларга активдүү катышышып, биргелешип милиция кызматкерлерине колдон келген жардамдарын көрсөтүштү. Айта кетсек, пандемия күч …

Read More »

Аламүдүн районунан унаа ууроого шектүү Нарын облусунан кармалган

2020-жылдын 31-декабрь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө К.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Лебединовка айылындагы унаа жуучу жайлардын биринен анын автоунаасын белгисиз бирөө айдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ар тараптуу ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында …

Read More »