ЖАҢЫЛЫКТАР

Сокулук районундагы таксисттин өлүмүнө шектүүлөр кармалышты

ИИМдин, Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук райондук ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 24 жаштагы такси айдоочуну өлтүрүүгө шектүүлөр кармалышты. 2020-жылдын 12-март күнү ички иштер органдарына болжол 20-25 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизенде Сокулук районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу Белек айылына жакын жерден жансыз денени табышып, …

Read More »

Москва районунда алдын алуу иштери улантылууда

Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү жашоочулардан куралган ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү менен биргеликте жергиликтүү жашоочулар арасында коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу иштерин тынымсыз улантып келишүүдө. Андан сырткары ыйык рамазан айында кызматкерлер коомчулук менен жолугушуп, топтолуп иш-чараларды өткөрүүгө кырдаал турукташканча мүмкүн эместигин түшүндүрүшүүдө. Аба ырайынын жылыгандыгына байланыштуу жаратылышта эс алууну каалагандар да көбөйүүдө. Ага байланыштуу милиция кызматкерлери, көлмөлөрдө жана …

Read More »

Токмок шаарында алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Өлкөбүзгө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден тарта Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан коронавирус (COVID-19) инфекциясынын жайылышын алдын алуу иш-чаралары тынымсыз улантылып келүүдө. Көпчүлүк тургундар алдын алуу иш-чараларын түшүнүү менен кабыл алышса, айрым жарандар кабыл алынган эрежелерди сактабай ал тургай өспүрүм балдарынын коопсуздугуна да кам көрүшпөй жатышканы жок эмес. Бүгүнкү күнү балдардын коопсуздугу үчүн билим берүү мекемелери аралыктан сабактарды окутууга өтүшсө, …

Read More »

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери согуштун жана оруктун ардагерлерин куттукташты

2020-жылдын 8-май күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана Чүй облусунун ИИББнын ардагерлер кеңеши Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде оорукта эмгектенген Чоюнбек Сагынбаевди куттукташты. Ал ички иштер органдарында кызмат өтөп милициянын ардактуу эс алуудагы полковниги. Улуу Жеиш майрамынын 75 жылдыгына карата Чүй облусунун ИИББнын жетекчисинин жана жалпы облустук ички иштер органдарынын өздүк курамынын атынан куттуктоо каты жана белектер ардагерге …

Read More »

Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан калк арасында коронавирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери улантылууда

Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери күн сайын Кант шаарында, Ивановка айылында, Новопокровка айылында дүңүнөн 180ден ашык көчө аралап патрулда жүрүшүүдө. Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери райондун тургундарына чектөө чараларын сактоо керектигин эскертип, сүйлөшүү учурунда аларга пандемиядагы жеке алдын алуу чаралары жөнүндө айтып беришип, ошондой эле өздөрүн, балдарын, улгайган туугандарын ачыкка чыгарбоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоону суранышып …

Read More »

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүшүүдө

Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан коронавирустук инфекциянын жайылуусунун алдын алуу боюнча калк арасында профилактикалык иштер улантылууда. Мыйзамдуулукту жана тартипти көзөмөлдөө менен бирге, көчөлөрдө жүргөн жарандар менен коомдук жайларда жүрүүнүн эрежелерин түшүндүрүшүп, өздүк гигиенага көңүл буруп, дарыгерлер тарабынан сунушталган эрежелерди так сактоону жана байланышты минималдаштырууну сунушташууда. Андан сырткары учурда мектеп окуучулары аралыктан окуп жатканына байланыштуу, алардын сабак окуусуна тынымсыз …

Read More »

МОСКВА РИИБдин БАШЧЫСЫ: УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН ЖАНА ОРУКТУН АРДАГЕРЛЕРИНИН БАА ЖЕТКИС ЭМГЕКТЕРИН ЭСКЕРҮҮ АР БИРИБИЗДИН МИЛДЕТИБИЗ

Улуу жеңиштин 75 жылдык маарекесине карата, согуш талаасында жана орукта эмгектенген ата-энелеринин эмгектерин Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери да эскерет. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын бири Шамбетов Узбек ал 1922-жылы Буденовка районун Жаңы-Турмуш айылында азыркы аталышы боюнча Талас облусунун Талас шаарында туулган. 1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Украина фронтунун 1-бригадасынын 15-мото аткычтар бөлүмүнө түшкөн. Узбек Шамбетов согуш жылдарында Воронеж …

Read More »

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери райондук администрациянын кызматкерлери менен жарандарга COVID-19дан коргонуу жөнүндө маалыматтар камтылган баракчаларды таркатышууда

Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочуларына күн сайын милиция кызматкерлери коронавирус илдетинен коргонуу жөнүндөгү маалыматтар камтылган баракчаларды таратышып келүүдө. Профилактикалык иштерди милиция кызматкерлери райондук администрациянын өкүлдөрү жана ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте жүргүзүшүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жана администрация өкүлдөрү Сокулук районунун дээрлик бардык көчөлөрүн кыдырышып, илдетти жайылтпоо үчүн ар бир жаран үйдө болуп, тазалыкты жана тартипти сактоонун зарылдыгын түшүндүрүшүүдө. Бул …

Read More »

Кемин районунда милиция кызматкерлери коронавирус инфекциясын жайылышын алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чараларды жүргүзүшүүдө

  Чүй облусунун Кемин районунун милиция кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылуусунун алдын алуу максатында жергиликтүү тургундар менен алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Өзгөчө кырдаал учурунда жарандарга үйдө болуу жана себепсиз сыртка чыкпоо ошондой эле чогулуп коомдук жайларда жүрбөө жеткирилүүдө. Кызматкерлер көчөдө жүргөн жарандар менен алдын алуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, көчөлөрдө себепсиз жүргөндөр болсо үйлөрүнө кайтарышууда. Көңүл ачуучу жайларды, күнүмдүк керектүү буюмдардын тизмесине …

Read More »

Чүй ОИИББдин  бөлүмдөрү коронавирус  илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери коронавирустук инфекциянын таралышын алдын алуу боюнча профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Чүй облусунун милиция кызматкерлерине райондук администрациянын жана ыктыярдуу улуттук командасынын өкүлдөрү профилактикалык иш-чараларды өткөрүүгө активдүү көмөк көрсөтүшүп, ошону менен бирге калк арасында өзгөчө кырдаалдардын эрежелерин сактоо, жеке гигиена эрежелерин сактоо боюнча кеңири масштабдуу маалыматтык иштер жүргүзүлүүдө. Айдоочуларга жана аймактын жашоочуларына коронавирус илдетинин …

Read More »