ЖАҢЫЛЫКТАР

Чүй облусунун аймагындагы авто мектептерде “Адам өмүрү кымбат” аталышындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө

Кыргыз Республикасынын ИИМдин тапшырмасынын негизинде Чүй облусунун аймагындагы жайгашкан авто мектептерде окуган курсанттарга Чүй ОИИББы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери жана “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери биргеликте кошумча сабактарды өткөрүшүүдө. Иш-чарада болочок айдоочуларды сабактарга активдүү катышып, жол эрежелерин мыкты өздөштүрүү зарылдыгы айтылды. Жолугушууда курсанттардын жол кыймылынын эрежелерин билүү деңгээлин жогорулатуу жол транспорт кырсыктарына алып келчү аракеттерден алыс болууга чакырышты.  Ар бир жол кыймылынын …

Read More »

Москва жана Жайыл райондорунда милиция кызматкерлери тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

  Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери  тарабынан кылмыштуулукту жана тартип бузууларды алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. 2022-жылдын 17-мартында Москва РИИБдүн коомдук коопсуздук кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу иштери болуп өттү. Анда алдамчылык кылмыштарынын курмандыгы болуп калбоо боюнча түшүндүрүү жүргүзүлдү. Жарандарга акча каражаттарын күмөндүү финансылык долбоорлорго салууда, аз убакыттын ичинде көп каражаттарга ээ болуу тууралуу кандайдыр бир сунуштарга …

Read More »

Аламүдүн РИИБдүн кызматкерлеринин жубайларына “Офицердин жубайы” медалы тапшырылды

Нооруз майрамына карата Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин жубайларына “Офицердин жубайы” медалы жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына РИИБдүн ардак грамоталары тапшырылды. Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Аламүдүн РИИБдүн башчысы милициянын полковниги Нурланбек Эркинбаев  кызматкерлеринин жубайларына “Офицердин жубайы” медалын тапшырды. Милиция кызматкерлеринин жумушуна түшүнүп, аларга ар дайым колдоо көрсөтүп келишкен жубайларынын эмгектерин баалап өз учурунда сыйлыктарды тапшыруу жакшы көрүнүш экенин айтып, каалоо-тилектерин билдирди. …

Read More »

Чүй облусунун аймагында жол транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча кеңешме болуп өттү

  2022-жылдын 18-март күнү Чүй облусунун ИИББнын кайгуул-күзөт кызматынын имаратында Чүй облусунун аймагында жол транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү. Аталган иш-чарага Чүй ОИИББнын башчысынын орун барасы милициянын полковниги Айбек Ажыбаев, Чүй ОИИББы боюнча ЖКККБнын башчысы милициянын майору Эмиль Жакыпов ошондой эле Чүй облусунун шаардык, райондук ИИБдөрдүн башчыларынын орун басарлары жана райондук ЖКККБнын башчылары катышышты. Жолугушууда, жол …

Read More »

Майрам алдында Чүй облусунун ички иштер органдарында саптык кароо өткөрүлдү

Бүгүн, 2022-жылдын 18-март күнү Чүй облусундагы райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө Нооруз майрамынын алдында саптык кароо өткөрүлдү. Анда Чүй ОИИББнын жетекчилиги кураторлук кылган ички иштер бөлүмдөрүндө саптык кароого катышышты. Жер-жерлерде өздүк курамдын күнүмдүк кийип жүрүүчү формалары текшерилип,  кесиптик деңгээлдерин жогорулатуу жана жарандар менен тыгыз иш алып баруу боюнча тапшырмалар коюлду. Иш-чарада КР ИИМдин жана Чүй ОИИББнын тиешелүү буйруктары тааныштырылды. Сокулук …

Read More »

Уурулук кылмыштарын алдын алуу иш-чарасы Томок шаарында жана Москва районунда улантылды

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери  тарабынан кылмыштуулукту жана тартип бузууларды алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. 2022-жылдын 16-мартында Москва РИИБдүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдоо кылмыштарын болтурбоо жана алдын алуу боюнча ага жакын жайгашкан айылдарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жолгушууда кандайдыр бир шектүү адамдар же автоунаалар байкаса ал боюнча учурунда ИИОнун кызматкерлерине маалылматтарды билдирүү уурулук кылмыштарына бөгөт коюуга …

Read More »

Жайыл районунда алдамчылыкка шектүү аял кармалды

2022-жылдын 21-февралында Жайыл РИИБүнө 1973-жылы туулган С.Г. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш аял анын ишенимине кирип, Кара-Балта шаарындагы базарлардын биринен алдоо жолу менен эки баш бодо малын 142 миң сомго баалап алган.  Ошондон тарта бүгүнкү күнгө чейин акчасын же малын кайтарып бербей качып жүргөнүн билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча …

Read More »

Аламүдүн районунда велосипед уурдоого шектүү кармалды

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында бир нече ведосипед уурдоого шектүү кармалды. Аламүдүн РИИБүнө Көк-Жар айылынын жашоочуларынан эки арыз түшкөн. Анда белгисиз бирөөлөр Көк-Жар айылынан велосипеттерин уурдап кеткенин билдиришкен. Келтирилген материалдык чыгым 70 миң сомду түзгөн. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш …

Read More »

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын коомчулукка жеткирүү иш-чарасы Москва районунда улантылды

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана алдын алуу жумуштары тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. 2022-жылдын 16-март күнү Москва райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жолгушуу болуп, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын элге жеткирүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары …

Read More »

Кант шаарында жолугушуу болуп Президентинин Жарлыгы жеткирилди

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана алдын алуу жумуштары тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Бүгүн 2022-жылдын 15-март күнү Ысык-Ата районунун Кант шаарында жергиликтүү жашоочулар менен жолгушуу болуп өттү. Аталган Иш-чарага Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары милициянын полковниги Ажыбаев Айбек Жакшымбекович, Ысык-Ата РИИБдүн жетекчилиги, Кант шаарынын мэри Майлибашев Улан Бекболотович, жергиликтүү кеңештин төрагасы, квартал …

Read More »