Daily Archives: 19.08.2019

Чүй облусунда “Арсенал” рейди өттү

Чүй облусунун аймагында ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону аныктоо максатында коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле, кылмыштуулукту алдын алуу үчүн үстүбүздөгү жылдын 15-августунан 17-августка чейин “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы жүргүзүлдү. Аталган иш-чарага Чүй ОИИББдин коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан жана ЖКККБнын кызматкерлеринен түзүлгөн 320 кызматкер тартылган. Рейддин жүрүшүндө 1586 аңчылык менен алектенген мергенчилер текшерилип, алардын ичинен …

Read More »

Сокулук районунда милиция кызматкерлери имамдар жана диаспора өкүлдөрү менен жолугушту

2019-жылдын 17-август күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигинин демилгеси менен Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана Сокулук районундагы имамдар,  ошондой эле жергиликтүү диаспоралардын өкүлдөрү менен Сокулук районунун ИИБнүн кеңешме залында жолугушуу болду. Жолугушууга 42 мечиттин имамдары, диаспоралардын жетекчилери, Х.Хизриев, А.Алиев жана Сокулук районунун имам хатиби И.Ырысбаевдер катышты. Жолугушууда бир катар суроолор талкууланып, анын ичинде улуттар аралык ынтымакты …

Read More »

Аламүдүн районунда жапайы кара-куурайлар жок кылынууда

2019-жылдын 12-августтан 17-августка чейин Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү жашоочулар менен жапайы кара куурайларды жок кылуу иш-чарасы жүргүзүлдү. Аламүдүн районунун аймагы боюнча, Октябрь, Гроздь, Васильевка, Ленинское, Мраморное, Аламүдүн, Лебединовка айылдарында өскөн кара куурайлар жок кылынды. Район боюнча жалпысынан 5,1 гектар жердеги өскөн жапайы кара-куурайлар чабылып, өрттөлдү. Болжол менен 8290 килограмм кара куурай жок кылынды. Жергиликтүү жашоочуларга …

Read More »

Токмок шаарында “Кайырчы” аталышындагы рейд өткөрүлдү

2019-жылдын 14-августунан 16-августка чейин Токмок шаарынын аймагында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Кайырчы” аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чаранын максаты жаш өспүрүмдөр арасында тартип бузууларды, кылмыштуулукту жана көчөдө кайыр сурап жүргөн өспүрүм балдарды аныктоо жана аларды алдын алууга багытталган. Рейд учурунда 3 аз камсыз болгон үй-бүлө аныкталып, Токмок шаарынын ИИБнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына алдын алуу …

Read More »