ЖАҢЫЛЫКТАР

Өзгөчө кырдаалдын талаптарын сактоо илдетти алдын алууга кошкон салым экенин Сокулук милициясы эскертишүүдө

Чүй облусунун бардык райондорунда ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар арасында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин улантышууда. Сокулук районунда жашоочуларга милиция кызматкерлери өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын сактоо боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Мындай иш-чараларга жергиликтүү жашоочулар да катышышып, эскертүү иштерин улантышты. Рамазан айына карата чогулуп ооз ачар уюштурууга, эс алуучу жайларда топтолушуп убакыт өткөрүүгө убактылуу тыюу салынганын …

Read More »

Москва районунун милиция кызматкерлерине жергиликтүү жашоочу ыраазычылык билдирди

Чүй облусунун ички иште башкы башкармалыгына Москва районунун жашоочусу Көчөрбаевдердин үй-бүлөсү кайрылып, Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жана жетекчилигине уурдалган автоунаасын бир канча убакыттан соң табышып, кайтарып бергени үчүн  сүйүнүшүп ыраазычылыктарын билдирүү үчүн келишкен. Ыраазычылык катта, март айынын башында алардын “Ауди-В4” үлгүсүндөгү автоунаасын үйүнүн алдында токтоп турган жеринен белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билишип, дароо Москва районунун ИИБгө арыз менен …

Read More »

Чүй районун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин улантышууда

Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери күн сайын жергиликтүү калк арасында коронавирус илдетин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Дем алыш күндөрү коомдук жайларга чыгышкан жарандага Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери зарыл жумуштар жок болсо эс алуудан убактылуу баш тартууга чакырышып, көчөлөрдө жана коомдук жайларда алдын алуу рейд өткөрүшүп, жергиликтүү жашоочуларга эскертүү ирээтинде чектөө чаралары жөнүндө айтып кетишти. Коомдук …

Read More »

Сокулук районундагы таксисттин өлүмүнө шектүүлөр кармалышты

ИИМдин, Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук райондук ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 24 жаштагы такси айдоочуну өлтүрүүгө шектүүлөр кармалышты. 2020-жылдын 12-март күнү ички иштер органдарына болжол 20-25 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизенде Сокулук районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу Белек айылына жакын жерден жансыз денени табышып, …

Read More »

Москва районунда алдын алуу иштери улантылууда

Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү жашоочулардан куралган ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү менен биргеликте жергиликтүү жашоочулар арасында коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу иштерин тынымсыз улантып келишүүдө. Андан сырткары ыйык рамазан айында кызматкерлер коомчулук менен жолугушуп, топтолуп иш-чараларды өткөрүүгө кырдаал турукташканча мүмкүн эместигин түшүндүрүшүүдө. Аба ырайынын жылыгандыгына байланыштуу жаратылышта эс алууну каалагандар да көбөйүүдө. Ага байланыштуу милиция кызматкерлери, көлмөлөрдө жана …

Read More »

Токмок шаарында алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Өлкөбүзгө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден тарта Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан коронавирус (COVID-19) инфекциясынын жайылышын алдын алуу иш-чаралары тынымсыз улантылып келүүдө. Көпчүлүк тургундар алдын алуу иш-чараларын түшүнүү менен кабыл алышса, айрым жарандар кабыл алынган эрежелерди сактабай ал тургай өспүрүм балдарынын коопсуздугуна да кам көрүшпөй жатышканы жок эмес. Бүгүнкү күнү балдардын коопсуздугу үчүн билим берүү мекемелери аралыктан сабактарды окутууга өтүшсө, …

Read More »

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери согуштун жана оруктун ардагерлерин куттукташты

2020-жылдын 8-май күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана Чүй облусунун ИИББнын ардагерлер кеңеши Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде оорукта эмгектенген Чоюнбек Сагынбаевди куттукташты. Ал ички иштер органдарында кызмат өтөп милициянын ардактуу эс алуудагы полковниги. Улуу Жеиш майрамынын 75 жылдыгына карата Чүй облусунун ИИББнын жетекчисинин жана жалпы облустук ички иштер органдарынын өздүк курамынын атынан куттуктоо каты жана белектер ардагерге …

Read More »

Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан калк арасында коронавирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери улантылууда

Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери күн сайын Кант шаарында, Ивановка айылында, Новопокровка айылында дүңүнөн 180ден ашык көчө аралап патрулда жүрүшүүдө. Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери райондун тургундарына чектөө чараларын сактоо керектигин эскертип, сүйлөшүү учурунда аларга пандемиядагы жеке алдын алуу чаралары жөнүндө айтып беришип, ошондой эле өздөрүн, балдарын, улгайган туугандарын ачыкка чыгарбоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоону суранышып …

Read More »

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүшүүдө

Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан коронавирустук инфекциянын жайылуусунун алдын алуу боюнча калк арасында профилактикалык иштер улантылууда. Мыйзамдуулукту жана тартипти көзөмөлдөө менен бирге, көчөлөрдө жүргөн жарандар менен коомдук жайларда жүрүүнүн эрежелерин түшүндүрүшүп, өздүк гигиенага көңүл буруп, дарыгерлер тарабынан сунушталган эрежелерди так сактоону жана байланышты минималдаштырууну сунушташууда. Андан сырткары учурда мектеп окуучулары аралыктан окуп жатканына байланыштуу, алардын сабак окуусуна тынымсыз …

Read More »

МОСКВА РИИБдин БАШЧЫСЫ: УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН ЖАНА ОРУКТУН АРДАГЕРЛЕРИНИН БАА ЖЕТКИС ЭМГЕКТЕРИН ЭСКЕРҮҮ АР БИРИБИЗДИН МИЛДЕТИБИЗ

Улуу жеңиштин 75 жылдык маарекесине карата, согуш талаасында жана орукта эмгектенген ата-энелеринин эмгектерин Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери да эскерет. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын бири Шамбетов Узбек ал 1922-жылы Буденовка районун Жаңы-Турмуш айылында азыркы аталышы боюнча Талас облусунун Талас шаарында туулган. 1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Украина фронтунун 1-бригадасынын 15-мото аткычтар бөлүмүнө түшкөн. Узбек Шамбетов согуш жылдарында Воронеж …

Read More »