ЖАҢЫЛЫКТАР

Москва районунда жапайы кара куурайлар жок кылынууда

Чүй облусунун аймагында баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнү күчөтүү, алдын алуу, бөгөт коюу жана аны аныктоо максатында жер-жерлерде жапайы кара куурайларда жок кылуу 2020-жылдын 16-июлунан 5-августуна чейин өткөрүлдү. Иш-чаранынын алкагында Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн атайын комиссия түзүлүп, кара куурайларды жок кылууга атайын техникалар колдонулган. Москва районунун Садовое, Ак-Суу, Беш-Терек, Чапаев, жана Петровка айылдарында …

Read More »

Сокулук районунда тоноочулукка шектүү кармалды

Сокулук районунун ички иштер органдарына жергиликтүү 57 жаштагы Б.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 8-июль күнү болжол менен саат 18:00 чамаларында Ново-Павловка айылындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз бала ага күч колдонуп, “Айфон” үлгүсүндөгү эки телефонун жана акча каражатын тартып алып, белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) …

Read More »

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан алдын алуу иштери улантылууда

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери жер-жерлерде коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу иш чараларын жүргүзүшүп келишүүдө. Жайыл районунун ИИБдүн кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулукту алдын алуу ошондой эле коронавирус илдетинин жайылуусуна жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Милиция кызматкерлери коомдук жайларда жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, анын ичинде ар бир жаран саламаттыгына көңүл буруу зарылдыгы эскертилип, медициналык бет каптарды тагынуу жана …

Read More »

Чүй облусунда алдын алуу рейди өткөрүлдү

Чүй облусунун аймагында 21-июлдан 23-июлга чейин “Өспүрүм-түн” аталышындагы алдын алуу рейди болуп өттү. Аталган иш-чарага облус боюнча 200 гө жакын ички иштер органдарынын кызматкерлери, андан сырткары билим берүү кызматкерлери ошондой эле үй-бүлөнү жана балдарды коргоо кызматтарынан 40 өкүл катышышты. Алдын алуу рейд учурунда облус боюнча 127 коомдук жайларда текшерүү иштери жүргүзүлүп, ата-энеси жана жакындарынын коштоосу жок 57 өспүрүм түнкү убакытта …

Read More »

Чүй районунда милициянын көчмө кабылдамасы алдын алуу жумуштарын жүргүзүүдө

Элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу максатында Чүй облусунун аймагында бир топ жумуштар аткарылууда. Айта кетсек  коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу жумуштары кызуу жүргүзулүүдө. Чүй облусунун Чүй районунда милициянын көчмө кабылдамасы алыскы айылдарга чейин барып, калк арасында жугуштуу илдеттин алдын алуу жана жайылтпоо максатында бир нече иштерди алып барышып, жеринде тургундардын көйгөйлөрүн чечүү жана тиешелүү кызматтарга жеткирүү иштери жүргүзүлүүдө. Чүй районундагы …

Read More »

Сокулук районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалышты

2020-жылдын 14-июль күнү болжол менен саат 04:14 чамаларында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Алтын-Ордо жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде каракчылык болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде дароо ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда төмөндөгүлөр аныкталган. 14-июль күнү болжол менен саат 03:10 чамаларында 20-25 жаш курактагы балдар медициналык бет кап менен 38 …

Read More »

Милиция кызматкерлери тарабынан Пакистан жаранына кол салган шектүүлөр кармалды

  2020-жылдын 19-июль күнү болжол менен саат 23:00 чамаларында Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Пакистан Республикасынын 1998-жылы туулган Ш.С. аттуу жараны арыз менен кайрылып, Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында бейтааныш адамдар аны эч себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Андан сырткары, ушундай эле арыз менен 2000-жылы туулган А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С., 1995-жылы туулган …

Read More »

Сокулук районунда коронавирус илдетин алдын алуу иштери улантылууда

Сокулук районунун ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу иштерин тынымсыз жүргүзүшүүдө. 2020-жылдын 10-июль күнү милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте район жашоочуларына түшүндүрүү иштерин улантышты. Андан сырткары милиция кызматкерлери тарабынан мобилдик топтор түзүлүп, үн жогорулатуучу аппараттардын жардамдары менен жашоочуларды коомдук жайларга чыкканда бет каптарды тагынып, антисептикалык каражаттарды колдонуп, учурдагы талаптарды так …

Read More »

Жайыл районунун аймагында жугуштуу илдетти алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Коронавирус (COVID-19) инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн өлкөбүздө,  анын ичинде Чүй облусунда да ички иштер органдары тарабынан түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери жер-жерлерде тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшүүдө. Чүй облусунун бардык райондорунда алдын алуу иштери күн сайын улантылууда. Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жашоочуларга, коомдук жайларда тазалык эрежелерин сактоо жана жеке гигиенеларга көңүл буруу зарыл экендигин …

Read More »

Чүй районунда коронавирус илдетин алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

  Коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү таргандар арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнү жугуштуу илдетке кабылгандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу ар бир жаран жеке гигенага көңүл буруп, дарыгерлер тарабынан сунушталган талаптарды так сактоо зарылдыгы милиция кызматкерлери тарабынан эскертилүүдө. Мындай алдын алуу иш-чаралар Чүй районунда да күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлдү. Анда ички …

Read More »