ЖАҢЫЛЫКТАР

Аламүдүн районунда жапайы кара-куурайлар жок кылынууда

2019-жылдын 12-августтан 17-августка чейин Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү жашоочулар менен жапайы кара куурайларды жок кылуу иш-чарасы жүргүзүлдү. Аламүдүн районунун аймагы боюнча, Октябрь, Гроздь, Васильевка, Ленинское, Мраморное, Аламүдүн, Лебединовка айылдарында өскөн кара куурайлар жок кылынды. Район боюнча жалпысынан 5,1 гектар жердеги өскөн жапайы кара-куурайлар чабылып, өрттөлдү. Болжол менен 8290 килограмм кара куурай жок кылынды. Жергиликтүү жашоочуларга …

Read More »

Токмок шаарында “Кайырчы” аталышындагы рейд өткөрүлдү

2019-жылдын 14-августунан 16-августка чейин Токмок шаарынын аймагында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Кайырчы” аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чаранын максаты жаш өспүрүмдөр арасында тартип бузууларды, кылмыштуулукту жана көчөдө кайыр сурап жүргөн өспүрүм балдарды аныктоо жана аларды алдын алууга багытталган. Рейд учурунда 3 аз камсыз болгон үй-бүлө аныкталып, Токмок шаарынын ИИБнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына алдын алуу …

Read More »

Чүй ОИИББы: Чүй районунун Восток айылындагы коңшулар ортосундагы уруш тууралуу

2019-жылдын 10-июль күнү болжол менен саат 11:05 чамасында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Чүй районунун Восток айылында мушташ болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Чүй районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу, жетекчилиги жана өздүк курамы чыгышкан. Окуя тууралуу териштирүү учурунда төмөндөгүлөр маалым болгон. 2019-жылдын 10-июль күнү Чүй районунун Восток айылында коңшулардын ортосунда ичүүчү суу …

Read More »

Сокулук районунда тоноочулукка шектүү кармалды

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 38 жаштагы жашоочусу М.У. арыз менен кайрылып, 2019-жылдын 3-июль күнү болжол менен саат 22:30 чамасында Наво-Павловка айылындагы базардын жанынан азиат улутундагы бейтааныш бала эч себепсиз арыз ээсин уруп, 2000 сомго жакын акчасын алып кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш …

Read More »

Сокулук районунда алдын алуу рейддик иш-чаралар улантылууда

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери көлмөлөрдө жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун алдын алуу үчүн рейддик иш-чара уюштурушту. 2019-жылдын 8-9-июль күндөрү саат 11:00 дөн 18:00 гө чейинки убакыт аралыгында Сокулук районунун Күн-Туу айыл айымыгында жайгашкан каналдарда, көлмөлөрдө, суу топтолгон жайларда милиция кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүштү. Текшерүү учурунда 20 жаш өспүрүм жаш балдар ата-энелеринин же бойго жеткен жакындарынын …

Read More »

Чүй ОИИББы: “Чүй облусунун милиция кызматкерлери башаламандыктар болуусу мүмкүн деп даярдыктарды көрүшүүдө” деген маалымат чындыкка жатпайт

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында “Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери башаламандыктар болуп кетүүсү мүмкүн дешип даярданышууда” деген маалыматты жеке булактарга таянып жазышууда. Мындай маалыматтар чындыкка туура келбейт жана Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери күнүмдүк жумуштарын аткарышып жатканын билдиребиз. Аламүдүн районунун ИИБнүн Беш-Күнгөй айылдык милиция бөлүмчөсү Беш-Күнгөй, Кой-Таш жана башка айылдарды тейлегендиктен кызматкерлер күнүмдүк жумуштарын аткарышууда.

Read More »

Жайыл районунда окуучулардын бүтүрүү кечесинде коопсуздукту алдын алуу багытында жолугушуу болду

Билим берүүчү мекемелерде бүтүрүүчүлөр сынактарды тапшырышып, бүтүрүү кечелерин күтүп жатышкан учур. Окуучулар, ата-энелер ал тургай мугалимдер да толкунданып жатышкан мезгили. 2019-жылдын 18-июнь күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен райондук билим берүү бөлүмүндө мектеп директорлор, социалдык педагогдор, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда бүтүрүү кечесинде салтанаттарды белгилөө, аттестаттарды тапшыруу иш-чараларынын алкагында жолугушуу болуп 80ге жакын адам катышты. Жайыл району …

Read More »

Чүй районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө 43 жаштагы А.Д. арыз менен кайрылып, 2019-жылдын январь айында чала тааныш “А” аттуу бала анын “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаасын сатып берем деп арыз ээсинин ишеничине кирип, машинени алып кеткен боюнча же акчасын эмес же автоунааны бербей качып жжүргөнүн билдирип, ага карата чара көрүп берүүнү суранган. Бул арыз кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин …

Read More »

Токмок шаарында тартип бузууларды алдын алууга багытталган жолушуу болду

2019-жылдын 18-июль күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен шаардык мериянын имаратында жолугушуу болду. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чарада “Жаш өспурумдөр арасында тартип бузууларды алдын алуу”, “Жайында сууга түшүүдө жаш өспурүмдөрдүн коопсуздугу” жана “Бүтүрүү кечелеринде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо” боюнча суроолордун тегерегинде талкуу жүрдү. Жыйында Токмок шаарынын вице-мэри, прокуратура, Токмок …

Read More »

Жайыл районунда бирөөнү ур-токмокко алган жаран кармалды

2019-жылдын 14-июнь күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, бир эркек киши денесине алган жаракаттары менен кайрылганын билдирген. Айтылган дарекке Жайыл районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу чыгышып териштирүү учурунда ооруканага кайрылган жаран Жекен айылынын 50 жаштагы жашоочусу М.С. экендиги аныкталган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (денеге атайлап оор залал …

Read More »