ЖАҢЫЛЫКТАР

ЭС АЛУУЧУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО ҮЧҮН ЧҮЙ ОБЛУСУНДА ЭКИ КӨЧМӨ КАБЫЛДАМА ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ

Чүй облусунда 2019-жылдын 18-июнь күнүнөн тарта жайкы туристтик мезгилге карата чет өлкөдөн келген жана жергиликтүү эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында милициянын 2 көчмө кабылдама пункту ишке кигизилди. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги милициянын көчмө кабылдамасы менен кезметке чыккан кызматкерлерге нускама өткөрүп, жарандарга сылык мамиле жасоого, эс алууга келген туристтердин жана ар бир жарандын коопсуздугун камсыздоого чакырды. Бул …

Read More »

Чүй ОИИББи: Манас айылында жаш өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды алдын алуу боюнча жолугушуу болду

2019-жылдын 17-июль күнү Сокулук районунун Манас айылындагы маданият үйүндө жаш өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды, топтошуп урушкан окуяларды алдын алуу максатында жолугушуу болуп өттү. Аталган иш-чарага Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Сокулук районунун ИИБнүн жетекчилиги, Чүй облусу боюнча жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери, облустук жана райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, сот аксакалдары, Ат-Башы, Фрунзе, Ак-Жол, Комсомол, …

Read More »

Чүй ОИИББи: Токмок шаарындагы өспүрүм кыздын окуясы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет

2019-жылдын 4-июнь күнү Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгына аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, 2004-жылы туулган жашы жете элек кыз кош бойлуу болуп кайрылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат тууралуу Токмок шаарынын ИИБге дагы кабарланган. Жогорудагы окуя Токмок шаарынын ИИБү тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 161-берениси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери …

Read More »

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жарандар колго түшүрүлгөн

2019-жылдын 7-июнь күнү Аламдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында уурулукка шектүү эки жаран кармалышкан. Ал 2018-жылдын февраль айынын аягында Аламүдүн районунун  Мыкан айылындагы үйлөрдүн биринде уурулук болуп, ал жерден зер буюмдар жана башка кымбат баалуу буюмдар уурдалган. Андан сырткары үйдүн алдында токтоп турган автоунааны да айдап кетишкен. Бул окуя Аламдүн районунун ИИБнө катталып, …

Read More »

Кара-Балта шаарында милициянын лейтенанты Эркин Жолдошбек уулунун жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча турнир өттү

Үстүбүздөгү жылдын 8-июнь күнү Жайыл районунун Кара-Балта шаарында милициянын лейтенанты Эркин Жолдошбек уулунун жаркын элесине арналган кичи футболдук турнир болуп өттү. Оюндун ачылышына Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ногоев Турусбек Молдобекович,  анын орун басары Тилекматов Максат Эркебекович, райондук прокурор Турдумаматов Мамбеталы Нурдинович, Жайыл районунун ИИБнүн башчысы милициянын подполковниги Омуралиев Тилек Кылычбекович жана маркумдун туугандары,  ошондой эле жергиликтүү тургундар катышкан. Спорттук …

Read More »

Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айылында абал  туруктуу, милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн иш алып барышууда

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Сокулук районунун Орок айылында элдер чогулуп жатат деген маалыматтар таркатылууда. Чүй ОИИББы бул маалыматтар боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет: 2019-жылдын 7-июнь күнү Орок айылындагы элдер чогулуп жатат деген маалымат чындыкка туура келбейт. Учурда абал тынч жана чогулган элдер жок экендигин билдиребиз. Учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери, Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук районунун ИИБнүн кызматкерлери …

Read More »

Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери Красная Речка айылындагы балдардын интернат-мектебине жардам көрсөтүштү

1-июнь -Балдарды коргоонун эл аралык күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери Красная Речка айылында жайгашкан кароосуз калган балдардын интернат-мектебине жардам көрсөтүп келишти. Ар майрам сайын Красная Речка айылында жайгашкан интернат-мектептин тарбиялануучуларына Чүй облусунун ИИББнын өздүк курамы колдон келген жардамдарын көрсөтүп келишет. Бул жолу интернат мектеп үчүн зарыл болгон кир жуучу каражаттарды жана кеңсе буюмдарын андан сырткары кийим-кечектер тапшырылды. …

Read More »

Москва районунда унаа уурдоого шектүүлөр кармалды

Үстүбүздөгү жалдын 30-май күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Беловодск айылынын 43 жаштагы жашоочусу К.Ж. арыз менен кайрылып 29-майдан 30-майга караган түнү Беловодск айылындагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр айдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Москва районунун ИИБнүн криминалдык милиция …

Read More »

Чүй районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

2019-жылдын 3-май күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө Чүй айылынын 62 жаштагы жашоочусу Д.А. арыз менен кайрылып, 2018-жылдын июнь айында Л.Т. аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип 18 даана кийим тигүүчү машинелерди ижарага алып ушул күнгө чейин же машинелерин кайтарбай же акчасын төлөбөй келгенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, …

Read More »

Кемин районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө Жаңы-Жол айылынын жашоочусу Ш.Ж. арыз менен кайрылып, 28-марттан 29-мартка караган түнү арыз ээсинин мал баккан сарайынан белгисиз адамдар бодо малын уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурулук) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кемин районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында,  кылмышка шектүү …

Read More »