ЖАҢЫЛЫКТАР

Токмок шаарында каракчылыкка шектүүлөр кармалды

2019-жылдын 10-май күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 80 жаштагы М.Х. арыз менен кайрылып, 10-май күнү болжол менен саат 02:20 чамасында бейтааныш адамдар анын үйүнө киришип күч колдонуп арыз ээсин коркутуп, 12 миң сом акчасын алышып окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, тергөө кызматы …

Read More »

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

2018-жылдын сентябрь айында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө У.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, бейтааныш эки киши жана аялдар   Аламүдүн районунун Көк-Жар жаңы конушундагы жер тилкесине бизнес кылып жакшы каражат табууга мүмкүн деп арыз ээсин алдоо жолу менен ишендиришип, жер тилкесин алышып ошол боюнча из жашырып кетишкенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси …

Read More »

Чүй ОИИББы: оорукта эмгектенген ардагерди куттуктады

2019-жылдын 8-май күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана Чүй облусунун ИИББнын ардагерлер кеңеши Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде оорукта эмгектенген Чоюнбек Сагынбаевди куттукташты. Ал ички иштер органдарында кызмат өтөп милициянын ардактуу эс алуудагы полковниги. Чүй облусунун ИИББнын жетекчисинин жана жалпы облустук ички иштер органдарынын өздүк курамынын атынан куттуктоо каты жана белектер ардагерге тапшырылды. Жолугушууда Чоюнбек аксакал куттуктап …

Read More »

Жайыл районунун ИИБде, Республикалык “Милицинын жаш достору” кароо сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

2019-жылдын 6-май күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын №9 орто мектебинин окуучулары “Милициянын жаш достору” кароо сынагынын 2019-жылдын жеңүүчүлөрү “Шопоковцы” командасы жана аталган мектеп директору жана директордун орун басары чакырылып, салтанаттуу куттуктоо иш-чарасы болду. Жайыл районунун ИИБнүн башчысы милициянын подполковниги Тилек Омуралиев конкурстун катышуучуларына жана мектеп директоруна “Ардак грамота” жана башка белектерди ташырып, “Милициянын жаш достору” кароо сынактан …

Read More »

Сокулук районунда аял кишиге бычак сайган жаран кармалды

2019-жылдын 22-апрель күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаардык ооруканалардын биринен телефон чалуу болуп, Чүй облусунун жашоочусу бир аял бычактан алган жаракатынан улам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча Сокулук районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, жабырлануучуга операция жасалып жаткандыктан аны суроого мүмкүн болбой, териштирүү учурунда өздүгү …

Read More »

Токмок шаарында кишинин денесине оор залал келтирүүгө шектүү жарандар кармалды

2019-жылдын 29-апрель күнү болжол менен саат 07:00 чамасында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, болжол менен 40-45 жаш курактагы эркек кишинин киши колдуу болгон жансыз денеси ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Токмок шаарынын ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Каза болгон кишинин өздүгү кызматкерлер тарабынан такталып, ал 61 жаштагы …

Read More »

Чүй облусунда “Арсенал” рейди болуп өттү

Чүй облусунун аймагында кылмыштуулукту жана башка тартип бузууларды алдын алуу, ошондой эле мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды аныктоо максатында комплекстүү “Арсенал” аталышындагы рейд иш-чарасы 2019-жылдын 17-апрелинен 27-апрель күнүнө чейин болуп өттү. Рейд иш-чарасын өткөрүүгө Чүй облусунун ички иштер органдарынын лицензияга уруксаат берүү кызматынан, криминалдык милиция кызматынан, коомдук коопсуздук кызматынан жана жол коопсуздугун камсыздоо  кызматкерлеринен жалпысынан 160 кызматкер иш алып барышкан. …

Read More »

Сокулук районунда бир нече уурулукка шектүү жаш балдар кармалышты

2018-жылдын октябрь айынан тарта Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Ново-Павловка жана Военно-Антоновка айылынын бир нече жашоочулары арыз менен кайрылышып соода кылуучу дүкөндөргө уурулук жасалгандыгы тууралуу билдиришкен. Милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү иштерин жүргүзүү учурда уурулук фактылар түн жарымында жасалып, бири-бирине окшош ыкмалар менен ишке ашканы аныкталган. Жогорудагы кылмыштардын бетин ачуу жана кылмышка шектүү жарандарды кармоо үчүн тажрыйбалуу кызматкерлерден турган ыкчам тергөө …

Read More »

Сокулук районунда уурулук кылууга аракет кылган жаш балдар кармалышты

2019-жылдын 19-апрель күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарым укуктуу тескөөчүсү өз жумушун өтөп жүрүп, Ново-Павловка айылындагы дүкөндөрдүн биринен уурулук кылууга аракет кылып жаткан баланы кармаган. Кармалган бала дүкөндүн кичинекей терезинен чыга албай жаткан учурда колго түшкөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 39-200-беренелери (Уурулук кылууга аракет кылуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Териштирүү иштеринин …

Read More »

Чүй ОИИББы: Панфилов районундагы “ТЯНЬ-ШАНЬ ФОРЕЛЬ” ЖЧКнын бассейининен балык уурдоо фактысы боюнча

2019-жылдын 28-апрель күнү болжол менен саат 07:00 чамасында Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө “ТЯНЬ-ШАНЬ ФОРЕЛЬ” ЖЧКнын балык өстүрүүчү бассейининен балык уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Панфилов районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн учурда төмөндөгүлөр аныкталган. 2019-жылдын 27-апрелинен 28-апрелине караган түнү болжол менен саат 03:30 чамасында күзөтчү 25 жаштагы И.Э. балык өстүрүүчү бассейинден бейтааныш …

Read More »