ЖАҢЫЛЫКТАР

Чүй районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

2020-жылдын 7-октябрь күнү Чүй районунун ИИБнө арыз менен 32 жаштагы А.З. кайрылып, Чүй айылындагы үйлөрдүн биринен анын велосипедин белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген чыгым 9000 сомду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй районун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 35 …

Read More »

Үй-бүлөлүк чыр-чатактын катышуучулары боюнча териштирүү жүргүзүлүүдө

2020-жылдын 12-октябрь күнү саат 00:36 чамасында Токмок шаарынын аймактык ооруканасына бычактан алган жаракаттарынан улам үч жаран түшкөнү тууралуу Токмок шаарынын ИИБнө маалымат келип түшкөн. Аталган факт Токмок шаарынын ИИБү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси  (Ден-соолукка оор залал келтирүү” боюнча кылмыш катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда 46-жаштагы И.М. …

Read More »

Чүй облусунда милиция кызматкерлери элдик кошуундар менен бирге иш алып барышууда

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте күн сайын коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында биргеликте жумуш алып барышууда. Бүгүнкү күнгө чейин Чүй облусунун аймагында ыктыярдуу элдик кошуундун саны жетиштүү. Айылдарда түзүлгөн элдик кошуундардын башчылары дайыма ИИОнун кызматкерлери менен тыгыз байланышта болушат.  Ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү кызматкерлер менен бирге инструктаждарга катышышып, көчөлөрдө, коомдук жайларда …

Read More »

Чүй облусунун аймагында 28-29 август күндөрү “Арсенал” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

Чүй облусунун аймагында ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону аныктоо, коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу максатында үстүбүздөгү жылдын 28-29-август күндөрү “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Чүй ОИИББдин коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан жана ЖКККБнын кызматкерлеринен түзүлгөн 365 кызматкер тартылган. Рейддин жүрүшүндө 1214 аңчылык менен алектенген мергенчилер, 374 газ травматтык куралдын ээлери,  …

Read More »

Ысык-Ата районунда уурулукка шектүүлөр кармалышты

Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө 23 жаштагы К.А. арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 2-августунан 3-августка караган түнү Ысык-Ата районунун аймагындагы айылдардын биринде жайгашкан арыз ээсинин кампасынан белгисиз адамдар 57 кап буудайын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 85 500 сомду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. …

Read More »

Москва районунда бирөөгө бычак сайган жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 27-июль күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, эркек киши денесине бычактан алган жаракатынан улам жаткырылганы тууралуу кабарланган. Көрсөтүлгөн дарекке ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда жабырланган жаран 41 жаштагы П.Р. аттуу Бишкек шаарынын тургуну экендиги аныкталып, бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден …

Read More »

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды

2020-жылдын 12-март күнү болжол менен саат 03:10 чамаларында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, аял киши дене жаракаттары менен ооруканалардын бирине амбулатордук түрдө кайрылып кеткени кабарланган. Бул маалымат боюнча РИИБдүн ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, жогорудагы факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча катталган. Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин натыйжасында …

Read More »

Аламүдүн районунда алдын алуу рейди өткөрүлдү

Аламүдүн районунун аймагында 14-15-август күндөрү “Өспүрүм-жай” аталышындагы алдын алуу рейди болуп өттү. Аталган иш-чара райондук ички иштер органдарынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө кызматкерлери  жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда болду.  Алдын алуу рейд учурунда, райондун аймагындагы көлмөлөр, агын суулар жана каналдардагы сууга түшкөн жайлар текшерилди. Жууну үчүн тыюу салынган жерлерде сууга түшүп жүрүшкөн өспүрүмдөр аныкталып, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдардын …

Read More »

Бейбаштыка шектүү жаран кармалды

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө 25 жаштагы Э.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 15-август күнү болжол менен саат 01:30 чамаларында чала тааныш эркек бала аны белгисиз курал менен коркутуп, денесине залал келтирип окуя болгон жерден из жашырып кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Териштирүү …

Read More »

Москва районунда алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан коомдук жайларда жүргөн жарандарга кылмыштуулукту алдын алуу жана коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган иш-чарада эл көп чогулган аймактарда кызматкерлер тарабынан кайгуул уюштурулуп, коомдук жайлардын администрациялары менен биргеликте жарандарга санитардык талаптарды туура сактоо боюнча эскертүү иштери жүргүзүлдү. Андан сырткары Москва районунун ИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан алдын …

Read More »