ЖАҢЫЛЫКТАР

Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жайкы туристтик сезондо эс алуу жайларында коомдук тартипти сактоо боюнча зарыл иштерди жүргүзүшүүдө

  2022-жылдын жайкы туристтик сезонунун башталышы менен Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан облус аймагында коомдук тартипти сактоо боюнча профилактикалык иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Дем алыш күндөрү Кемин РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Орловка эс алуу борборунун кызматкерлери жана эс алуучулар менен жолугушуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, жайкы туристтик сезондун башталышы менен көптөгөн жарандар бул эс алуу борборуна келип жаткандыгына байланыштуу, коомдук …

Read More »

Панфилов РИИБдин кызматкерлери Суусамыр өрөөнүндө алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

  Жайкы туристтик мезгилинин башталышы менен Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан Чүй облусунун аймагында коомдук тартипти сактоо боюнча профилактикалык иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүүдө. Панфилов РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Суусамыр өрөөнүндө эс алып жүргөн жарандарга, ошондой эле жол четинде соода кылган жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет элдик жарандарга …

Read More »

Москва РИИБдин ыкчам кызматкерлери мал уурдоого шектүүнү кармашты

2022-жылдын 29-майында Москва РИИБге 1966-жылы туулган А.Г. арыз менен кайрылган. Арыздануучу  29-май күнү кечинде короосундагы меринос пародасындагы 4 баш кочкорду уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Москва РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган …

Read More »

Балдарды коргоо күнү менен Чүй облусунун милиция кызматкерлери куттукташты

2022-жылдын 1-июнунда Чүй облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата жер-жерлерде балдар үчүн майрамдык маанай тартууланды. Бул күнү Токмок ШИИБнын кызматкерлери, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборундагы балдар тарабынан өткөрүлгөн жарманкеге катышышып балдарды куттукташып таттууларды белекке беришти. Ошондой эле Балдарды коргоо күнүндө Москва РИИБдин кызматкерлери Беловодск психоневрологиялык балдар үйүнө барышып, балдарга  майрамдык маанай тартуулоо менен белек-бечкектерин беришти. Жайыл …

Read More »

Чүй районунда милиция кызматкерлери тоноого шектелгендерди кармашты

Үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен Чүй РИИБине 1985-жылы туулган А.С. кайрылган. Ал Чүй айылынын аймагындагы кароосуз калган үйлөрдүн биринде саат 02:30 чамасында  физикалык күч колдонуу менен жанындагы 15 000 сом накталай акчасын, 20 000 сомдук уюлдук телефонун жана тиешелүү документтери менен банк картасын тартып алган жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин …

Read More »

Чүй облусунда Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери профилактикалык түшүндүрүү иштерин улантууда

Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан ар кандай профилактикалык жана түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Алсак, Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу максатында, түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүп, Сокулук районунун аймагында жайгашкан бир катар айылдардын тургундары менен жолугушуулар болуп өттү. Бул жолугушууларда Сокулук РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууну жана ар кандай укук бузуулардан алыс болуу боюнча …

Read More »

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы Криминалистика кызматтын кесиптик майрамы менен куттуктады

2022-жылдын 31-майында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалистика кызматынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги жана Чүй ОИИБдин борбордук аппаратынын өздүк курамы катышты. Иш-чарада Чүй ОИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кадыр-барктуу кызматкери, милициянын полковниги Габибов Муслим Аллахбердиевичти салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышты. Ички иштер …

Read More »

Аламудун районунда тоноого  шектелген жаран кармалды

  Үстүбүздөгү жылдын май айында Аламүдүн РИИБге 2003-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран кайрылган. Ал өз кайрылуусунда,  2022-жылдын 23-май күнү кечки  саат 23:00дөр чамасында,  белгисиз адам тарабынан күч колдонуп телефонун тартып алып качып кеткенин айтып, чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип 1999-жылы туулган А.А. кармалган. Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, …

Read More »

Чүй ОИИБнын жана Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан каракчылык жана уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 19-январында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 1950-жылы туулган Я.Т., арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 18-январында белгисиз адамдар үйдүн кулпусун бузуп үйүнө кирип 10 000 сом акчасын уурдап кеткендигин билдирген. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй ОИИББнын жана Сокулук РИИБдин  кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, уюшкан кылмыштуу …

Read More »

Аламүдүн районунда алдамчылыка  шектүү  жаран кармалды

2022-жылдын 5-майында  Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Жыгач айылынын тургуну   1951-жылы туулган М.Н. арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2020-жылы жана 2021-жылдын декабрь  айларында өзүнө тийиштүү жерин сатканы жатканын угуп М.Ү. аттуу жаран келип, жерди  40000 АКШ долларына баалап алууну  макулдашышып, алдоо жолу менен ишенимине кирип акчасын 2022-жылдын май айына чейин берерин айтып тил кат жазып бергенин айткан. Бирок, айтылган …

Read More »