ЖАҢЫЛЫКТАР

Чүй облусунун ыкчам кызматкерлери тарабынан баңги затын мыйзамсыз жүгүрткөн чет элдик топ кармалды

2023-жылдын 7-февралында Ысык-Ата РИИБне арыз менен Пакистан Республикасынын жараны 1998-жылы туулган С.З. аттуу Кант шаарынын тургуну кайрылып, 2023-жылдын 1-2-февраль аралыгында үйүнүн эшигин бузуп кирип, жашыруун түрдө 10 000 АКШ доллар акчасын, 2-даана Макбук жана iPhone 14 Pro үлгүсүндөгү жаңы уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Аталган факт Ысык-Ата РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде …

Read More »

Чүй районунда “Притон” аталышындагы рейддик иш чара жүргүзүлүүдө

2023-жылдын 8-10 февралында Чүй РИИБдин кызматкерлери, Чүй районунун билим берүү, социалдык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрү менен биргеликте райондун аймагында жашы жете элек кыздарды сойкулукка тартууга бөгөт коюу жана жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча “Притон” аталышындагы рейддик иш чара өткөрдү. Бул иш-чаранын максаты жашы жете элек кыздарды сойкулук кылууга тартуу фактыларынын болтурбоо, турмуштук оор абалда турган жашы жете …

Read More »

ИИМ: Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

Ички иштер министри Түркияда катталган жер титирөөдө курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жабыркагандар тез арада сакайып кетишин каалады. “Түркия жергесинде орун алган оор табигый кырсыкты – жер титирөөнү, анын кесепетинен көп сандаган жарандардын каза болгондугу жана жабыр тарткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун жакындарына жана жалпы боордош Түркия элине Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын …

Read More »

Чүй облусунун ИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан Ысык-Ата районунун Таш-Башат айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кылмыштын бети ачылды

2022-жылдын 21-ноябрында Чүй областынын Ысык-Ата районунун Таш-Башат айылынын аймагында,  денесинде ар кандай-жаракаттары бар, жерге көмүлгөн  болжол менен 45-50 жаш курактагы белгисиз адамдын сөөгү табылган. Соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен өлүктү кароо учурунда, денесинен көптөгөн бычактан жаракат алгандыгы аныкталган. Бул факт Ысык-Ата районунун ИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (адам өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Катталган кылмыштын оордугун …

Read More »

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелип 3 жаран кармалды

2023-жылдын 31-январында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 1998-жылы туулган У.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Кайрылуусунда 31-январ күнү саат 7лер чамасында Лебединовка айылындагы үйүнүн жанынан белгисиз медициналык беткапчан адамдар ур-токмокко алып чөнтөгүндөгү Айфон-11 үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана 40000 миң сом акча каражатын алып кетишкендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Аталган факт Аламүдү РИИБине катталып Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин …

Read More »

ИИМ: Бишкек шаарындагы ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук саптык кароосу өттү

  2022-жылдын 27-декабрында эски аянтта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, ички иштер органдарынын ардагерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Аянтта ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы …

Read More »

Аламүдүн районунда баңгизат таратууга шектелген жарандар кармалды

Чүй ОИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында синтетикалык баңги заттарды жашыруун жерлерде таратып жүргөн жарандар тууралуу маалымат түшкөн. Чүй облусунун баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы алынган маалыматтын негизинде ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада 2002-жылы туулган Ж.Б., 2002-жылы туулган Ж.С., 2003 жылы туулган П.К., 2002-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар кармалган. Тинтүү учурунда алардын жанынан жалпы …

Read More »

Сокулук районунда дарыканага уурулукка кирген жарандар кармалды 

2022-жылдын 9-ноябрында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө, 1995-жылы туулган О.Т.  аттуу жаран кайрылып, Шопоков шаарында жайгашкан дарыканадан 600 000 сомго барабар дары-дармектерди белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка …

Read More »

Чүй облусунда жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлоруна окуу-семинар болуп өттү

2022-жылдын 9-10-ноябрь күндөрү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлоруна окуу семинар болуп өттү.  Иш-чарага ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова, ИИМдин Академясынын коомдук саясий сабактар жана психология кафедрасынын улук окутуучусу Медер Карабаев, “Мобилдик унааларды колдоо” коомдук бирикмелеринин ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, ЕККУнун Бишкектеги Программалык …

Read More »

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 1-ноябрда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Сыргак Кыдыкеев, Чүй облусунун прокурору Эмир Каримов, КР УКМКсынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү жана ардагерлер катышышты. Алгач Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев куттуктап, Кыргыз милициясы …

Read More »