ЖАҢЫЛЫКТАР

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 6-июнь күнү Аламүдүн РИИБине чала тааныш адамга чара көрүү өтүнүчү менен 1988-жылы туулган О.А. аттуу жаран кайрылган. Кайрылуусунда үстүбүздөгү жылдын апрель-май айларында алдоо жолу менен ишенимге кирип, Англияга ишке орноштурууну убадалап 1350 АКШ долларын жана андан тышкаары 19500 сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын алып качып жүргөнүн билдирген. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй …

Read More »

Чүй облусунда карындашын кордогон адамдга ок чыгарган жаран кармалды

2022-жылдын 1-июль күнү саат 08:30 чамасында Чүй РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында эркек кишинин октон жаракат алгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде ыкчам-тергөө тобу дароо барып, ал жерден 1975-жылы туулган И.Р. аттуу жарандын жансыз денеси табышкан. Бул жаран октон алган жаракатынан улам тез жардам кызматы келгенге чейин каза болуп калганы аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын …

Read More »

Чүй облусунда куралдуу тоноо фактысынын бети ачылды

2022-жылдын 16-июнь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер органдарына белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен 1989-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кайрылган. Ал кайрылуусунда 2022-жылдын 14-июнунда саат 23:40тар чамасында медициналык бет кап кийген белгисиз адамдар тапанча менен кызматкерин коркутуп, Ивановка айылында жайгашкан кампалардын биринен акча каражаттарын ачык эле ээлеп, из жашырып кеткен жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин …

Read More »

Чүй ОИИББдин орто жана улук жетекчи кызмат орундарынын кадрлар резервине кабыл алуу боюнча сынактын экинчи этабы жыйынтыкталды

    Чүй ОИИББдин орто жана улук жетекчи кызмат орундарынын кадрлар резервине кабыл алуу  боюнча сынактын экинчи этабы  жыйынтыкталды Сынактын үчүнчү этабы 2022-жылдын 5-июлунан 7-июлуна чейин Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында талапкерлер менен маектешүү  форматында жүргүзүлөт. (Талапкерлердин тизмеси жана маектешүү убактысы тиркелет). Кошумча суроолор менен Бишкек шаары, Курманжан-Датка көчөсү №115 дарегине же Чүй ОИИББнын Кадрлар бөлүмүнө кайрылууга болот. Тел: 0312 …

Read More »

Москва районунда улут аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 3-июнунда социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда Чүй ОИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана Москва РИИБдин кызматкерлери тарабынан Facebook социалдык тармагынын колдонуучусунун  улут аралык кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү белгилери бар баракчаны аныкташкан. Бул маалыматты тактоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп,  баракчадагы маалымат боюнча, милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй …

Read More »

Чүй облусунун аймагында «Арсенал» аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 7-июнунан 27-июнуна чейин Чүй облусунун аймагындагы кылмыштардын, анын ичинде курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактоо менен байланышкан кылмыштардын алдын алуу максатында «Арсенал» аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада Чүй облусунун ички иштер органдарынын лицензиялык-уруксат берүү тутумунун кызматкерлери, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана ошондой эле Чүй облусу боюнча Жол кайгуул кызматынын өздүк курамынан турган 430дан ашык кызматкерлер тартылган. Рейддик иш-чаранын …

Read More »

Панфилов  РИИБдин кызматкерлери сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Панфилов РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жайкы эс алуу учурундагы жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү жана башка кырсыктардын алдын алуу багытындагы иштерди тынымсыз алып барышууда. Кызматкерлер балдардын коопсуздугун сактоо максатында кароосуз калган көлмөлөргө, терең бассейндерге сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча эскертмелерди илип, ошондой эле күндүн ысыгында өз алдынча сууга түшүп жүрүшкөн балдарга коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Мындан сырткары, …

Read More »

Милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин улантууда  

2022-жылдын 28-июнунда Сокулук РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы Сокулук районунун Орок айыл Өкмөтүнө караштуу Жал, Орок, Кашка-Баш, Пладовое Сарбан, Селекционное айылдарына жана Колос, Ак-Сай, Ифтановец, Строитель, Мечта дачаларына жана ошондой эле Жал айылында жайгашкан “Строитель” балдар лагеринде болушуп  алдын алуу иш-чараларын жүргүзүштү. Бул иш чарага Сокулук РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги милициянын капитаны А.Баймуратов, Күн-Туу Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери,  жана Сокулук …

Read More »

Кемин районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 27-июнунда Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө үйлөрдүн биринин короосунан эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.  Алынган маалыматтын негизинде, ыкчам-тергөө тобу дароо барып, ал жерден  1984-жылы туулган Н.А. аттуу жарандын күч колдонуп өлтүрүлгөн белгилери бар  жансыз денеси  табышкан. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип, 1982-жылы туулган …

Read More »

Москва районунда милиция кызматкерлери “Ууру” аталышындагы  рейддик иш-чара өткөрүштү

Буга чейин өткөрүлгөн рейддердин оң натыйжаларына байланыштуу Москва РИИБдин кызматкерлеринин демилгеси менен райондогу  уурулукка бөгөт коюу максатында 24-26-июнь күндөрү «Ууру» аталышындагы  рейд  болуп өттү. Бул иш-чарага Москва РИИБдин  70тен ашык кызматкери  жана эки  милициянын көчмө кабылдамасы тартылган. Профилактикалык жана рейддик иш-чаралардын алкагында милиция кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон 200дөн ашык жаран текшерилип, уурдалган буюмдарды аныктоо максатында күрөөкана, уюлдук телефон, алтын буюмдарды …

Read More »