ЖАҢЫЛЫКТАР

Аламүдүн районунда бир катар уурулукка шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 10-июнь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө, белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен 1987-жылы туулган Р.А. аттуу жаран кайрылгын. Ал үстүбүздөгү жылдын 9-июнь күнү кечинде  Таш-Мойнок айылындагы үйүнөн жалпы суммасы 67 000 сомдук курулуш материалдарын уурдап кеткендигин билдирген. Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй ОИИББдин жана Аламүдүн РИИБдин Кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан …

Read More »

Чүй ОИИББдин кызматкерлерин арасында кичи футбол боюнча биринчилик  болуп өттү

2022-жылдын 10-июнунда Чүй облусунун Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча биринчилик  болуп өттү. Бул биринчилик Кант шаарындагы «Абдыш -Ата» спорт комплексинде   болуп, жалпы 12 команда байгелүү орундар үчүн  күч сынашты. Спорттук иш-чараны Чүй ОИИББнын начальниги Сапар Асаналиев ачып, жалпы катышуучуларга бекем денсоолук каалоо менен таза оюн көрсөтүп мыктылар жеңишке жетишин айтып өттү. Биринчилик курч мүнөздө болуп оюндун жүрүшүндө …

Read More »

Милиция кызматкерлери  бир жыл мурун катталган дайынсыз жоголуу фактысы боюнча  кылмыш бетин ачты

2022-жылдын 10-июнунда Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Алынган маалымат боюнча, ыкчам-тергөө тобу дароо чыгып кетишкен. Милиция кызматкерлери барган учурда Ново-Покровка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринин бастырмасынын артына курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жерден  адамдын сөөгү чыкканына күбө болушкан. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери …

Read More »

Жайыл районунда милиция кызматкерлери кооптуу жерлерде сууга түшпөө боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүштү

Жайыл РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте сууга түшүүдөгү кырсыктардын алдын алуу максатында профилактикалык иштерди жүргүзүштү. Бул алдын алуу иш-чарасында кызматкерлер райондун аймагындагы  көлмөлөрдө, суу сактагычтарда ошондой эле сууга түшүүгө коопту деп эсептелген жерлерде атайын белгилерди орнотуп аны менен катар түшүндүрүү иштери жүргүзүштү. Атайын белгилер орнотулганына карабастан сууга түшүп жаткан өспүрүмдөргө  кырсыктын кесепеттери эскертилип, мындай жайларда жүргөн …

Read More »

Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгы жаш кызматкерлер менен толукталды

Бүгүн, 2022-жылдын 9-июнунда Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгында ИИМдин Академиясын аяктаган курсанттарга  милициянын лейтенанты атайын наамын ыйгаруу менен жаш кызматкерлерди кабыл алуу иш-чарасы болуп өттү. Бул иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги, Чүй ОИИББнин ардагерлери жана  Чүй ОИИББдин өздүк курамы катышышты. Куттуктоо сөзү менен Чүй облусунун ИИББнын башчысы милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев курсанттарды алгачкы милициянын лейтенанты наамынын ыйгарылышы менен куттуктап, …

Read More »

Сокулук районунда ден соолукка оор залал келтирген деген шек менен жаран кармалды

2022-жылдын 8-июнунда Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Күн-Туу айылы тараптан, ар кандай жаракаттарды бар, колу байланган жаран табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алынган маалымат боюнча, ыкчам-тергөө тобу дароо барып,  бул жаран 1977-жылы туулган Т.М., экендигин аныктаган. Милиция кызматкерлери бул жаранга алагчкы медициналык жардам көрсөтүп, андан соң аймактык ооруканага жеткиришкен. Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыштардын …

Read More »

Сокулук районунун милиция кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектелген жарандарды  кармашты

2022-жылдын 8-июнь күнү саат 11:50 чамасында Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Шопоков шаарынын көчөлөрүнүн биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Алынган маалымат боюнча, ыкчам-тергөө тобу дароо барып, зомбулуктан каза болгон адамдын жансыз денесин табышкан. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон адмдын  өздүгү аныкталып, ал 1991-жылы туулган З.А. …

Read More »

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Р.А., аттуу жаран Аламүдүн РИИБине Ленинское айылынын тургунуна чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.   Ал жалпы суммасы 210 000 сом турган опалубкаларды сатып берүүгө ишендирип, жана ошондой эле пайдаланып турууга көндүрүп качып жүргөн жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй облусунун ИИББнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн …

Read More »

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

  Аламүдүн РИИБине Т.Т. атту жаран кайрылып,  2022-жылдын 8-апрелинде чала тааныш адам алдоо жолу менен ишенимине кирип 24 комплект курулуш каражатын ижарага алып,  качып жүргөн жаранга чара көрүү өтүнүчүн айткан. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө …

Read More »

Чүй облусунда милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин улантууда

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда милициянын көчмө кабылдамасы жарандарды кабыл алууну улантып, элге сервистик тейлөө көрсөтүүнүн алкагында айылдарды кыдырып профилактикалык иш-чараларды тынымсы жүргүзүүдө. Милициянын көчмө кабылдама унаасы менен кызматкерлер аймактарды кыдырышып, жергиликтүү тургундардын ар түрдүү мазмундагы кайрылууларын кабыл алуу менен, кээ бир маселелер жеринде чечилип, юридикалык кеңештер да берилүүдө. Ошондой эле ар кандай мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында, мектеп окуучуларына бүтүрүү …

Read More »