ЖАҢЫЛЫКТАР

Милиция кызматкерлери Сокулук районунда баңгизатты мыйзамсыз алып жүргөн жаранды кармашты

2018-жылдын 2-февраль күнү болжол менен саат 19:00 чамсында, Чүй ОИИББнин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш- чараларынын жүрүшүндө Алексеевка айылынын 29 жаштагы Б.Е. аттуу тургунга өздүк кароо жүргүзүлүп, жанынан 800 грамм салмактагы “марихуана” баңгизаты табылып алынган. Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө

Read More »

ТОКМОК ШААРЫНДА ИРИ СУММАДАГЫ ЖАСАЛМА АКЧАЛАР МЕНЕН ЖАРАНДАР КАРМАЛДЫ

Чүй ОИИББдин жана Токмок ШИИБдин ыкчам кызматтарынын кызматкерлери тарабынан жасалма акча каражаттарын мыйзамсыз даярдоо жана сатууга шектелген жарандардын өздүгү такталып, кармалышты. Алынган ыкчам маалыматтын негизинде милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада жасалма акчаларды жасоого тиешеси бар шектүүлөр кармалышкан. Ушул жылдын февраль айынын башында шектүүлөрдүн бирөөсү жашаган Токмок шаарында жайгашкан жатаканалардын бири текшерилип, жыгач шкафтан ири суммадагы жасалма акча каражаттар: 143 …

Read More »

Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери бир катар уурулук фактыларына шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү тургунду кармашты

2017-жылдын 26-октябрь күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 31 жаштагы А.А. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 25-27-сентябрь күндөрүнүн ичинде белгисиз адамдар арыздануучунун Көк-Жар айылында жайгашкан үйүнө терезе аркылуу киришип, үйүнүн ичинен ноутбугун уурдап кеткенин билдирген. Жабырлануучуга жалпы суммасы 20 000 сомдук материалдык чыгым келтирилген. Бул окуя боюнча Аламүдүн райондук ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси …

Read More »

Жайыл районунда денеге оор залал келтирүү фактысы менен шериктеши кармалды

2017-жылдын 30-декабрь күнү Жайыл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү бейтапканага европа улутундагы эркек киши ар кандай жаракаттары менен жеткирилгени тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган маалымат боюнча Жайыл РИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгып, жабырлануучунун өздүгү аныкталып, 53 жаштагы Кара-Балта шаарынын К.В. аттуу тургуну болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иштердин негизинде, жабырлануучу 30-декабрь күнү өзүнүн таанышы менен спирт ичимдигин ичип отурушуп, өз-ара урушуунун кесепетинен шериктеши …

Read More »

Сокулук РИИБнин кызматкерлери автоунааны айдап качкан жаранды кармашты

Сокулук РИИБне Жыламыш айылынын 34 жаштагы А.М. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 2018-жылдын 26-январь күнү болжол менен саат 00:15 чамасында автоунаасын белгисиз жарандар айдап качып кетишкендигин билдирип, аларга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (Автоунааларды же башка автомототранспорт каражаттарын укукка жат түрдө ээлеп алуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Сокулук райондук милиция кызматкерлери …

Read More »

Чүй облустук милиция кызматкерлери тарабынан жанына 6 килограммдан ашык баңгизат алып жүргөн 30 жаштагы жаран кармалды

Аламүдүн районунда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган 6 килограммдан ашык баңгизат табылган. 2018-жылдын 25-январь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Чүй облусу боюнча БМЖКККнын жана Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери жүргүзүшкөн иликтөө иштеринин натыйжасында, Восток айылынын 30 жаштагы Г.И. аттуу жашоочусунун жашаган жери текшерилип, үйүнүн чатырынан капка салыган кочкул күрөң түстөгү кара куурай жыттанган өзгөчө жыты бар зат табылган. Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында …

Read More »

Ыссык-Ата РИИБнүн кызматкерлери тарабынан уурдоого шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 15-январь күнү арыз менен Пригородный айылынын 55 жаштагы турнугу С.Ш., кайрылган, себеби 2017-жылдын 20-декабрь күнүнөн баштап 2018-жылдын 5-январькунүнө чейинки убакыт аралыгында белгисиз адамдар арыздануучунун Кант шаарында жайгашкан көмүр сактоочу складынан ар кандай техиниксыгн жана электр буюмдарын уурдап кетишкен. Натыйжада 89000 сомго материалдык зыян келтирилген. Бул факты боюнча Ыссык-Ата РИИБү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164 беренеси (Уурдоо) менен кылмыш …

Read More »

Ыссык-Ата РИИБнүн кызматкерлери тарабынан 2 адам хулиганчылык менен кармалды

2017 жылдын 9 январь Ыссык-Ата РИИБүнө 28 жаштагы Л.Р., арыз менен кайрылып, ал арызында 2017 жылдын 8 январ куну болжолу менен 23:30 чамасында Чуй облусуна караштуу Кең-Булун айылынан азиат улутундагы болжол менен 25-30 жаштагы белгисиз балдар хулиганчылык жолдору менен арыздануучуну жана анын достору Кең-Булуң айылынын жашоочусу 1993-ж.т. И.В., жана, Кең-Булуң а. жашоочусу . 1988-ж.т. К .Э., эч себепсиз сабап денесине …

Read More »

Аламүдүн районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

2017-жылдын 30-декабрь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Кой-Таш айылынын 60 жаштагы жашоочусу Т.С. арыз менен кайрылып, 29-декабрда түнкүсүн бейтааныш адамдар анын короосунда байланып турган бээсин кулуну менен уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин …

Read More »

Милиция кызматкерлери тарабынан Москва районундагы оор кылмыштын бети ачылды

2018-жылдын 1-январь күнү болжол менен саат 04:25 чамасында Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Беловодск айылындагы үйлөрдүн биринде ок атуучу курал менен карактоо болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча Москва районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, эки аялдын жансыз денелерин табышкан. Денеге кароо жүргүзүү учурунда ок атуучу куралдан жаракат алгандыгы аныкталып, алардын өздүгү такталган. …

Read More »