ЖАҢЫЛЫКТАР

55-жаштагы Москва районунун жашоочусу уурдалган куралды сатып жиберген, милиция кызматкерлери тарабынан кармалып камакка алынды

  Москва РИИБге «С» аттуу жаран курал сатып жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмыштын негизинде Москва районунун ИИБнин катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган. Жүргүзүлгөн зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө курал-жарак сатуу фактысы тастыкталып, Чүй ОИИББнин кылмыш иликтөө кызматкерлери жана Москва РИИБнин кызматкерлери тарабынан 55-жаштагы Ц.А. кармалган. Ц.А. жаран  Москва …

Read More »

Чүй облусунда уурулук фактысы боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды

  Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун аймагында мурда бир нече жолу соттолгон 62-жаштагы Х.С. кармалган. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (Уурдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарына негизинде издөөгө жарыяланган. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.   Чүй …

Read More »

Токмокто уурулук фактысына шектелген жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын март айынын башында Токмок ШИИБге жергиликтүү тургун 38-жаштагы М.Н. арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 3 жана 5-мартында уурулук кылган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Алар үйдүн аймагынан эки жолу көпүрөнүн темир бөлүктөрүн, ошондой эле короодогу башка темир буюмдарды уурдап кетишкенин билдирген. Аталган факты Токмок ШИИБне КР Кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган. Жүргүзүлгөн …

Read More »

Чүй облусунда адам уурдоого шектүүлөр кармалды

Соклук районунун ички иштер бөлүмүнө 37-жаштагы Н.Б. денесинде көптөгөн жаракаттар менен Бишкек шаарынын ооруканасына түшкөндүгү жөнүндө маалымат түшкөн. Аталган факты райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынган. Болгон факты боюнча Н.Б. сурак алууга мүмкүн болгон жок. Кийин ал өзүнө келгенде Сокулук РИИБге арыз менен кайрылып, керектүү экспертизалар дайындалган. Аймактык жактан алганда, иш материалдары Москва районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген, …

Read More »

Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

  2022-жылдын 25-март күнү Жайыл РИИБүнө телефон чалуу болуп эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде Жайыл РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда ал 1984-жылы туулган О.В. аттуу жаран экендиги такталган. Анын негизинде катталган материал кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш …

Read More »

Жайыл районунда уурдоого шектүүлөр кармалышты

  2022-жылдын 15-март айында Жайыл РИИБүнө 1977 жылы туулагн И.З., атту жаран арыз менен кайрылып, ал арызында белгисиз адамдар тарабынан 15-март күнү анын үйүнө киришип алдын жана күмүш буюмдарын, ноутбугун, жана 15 дана кол саатын андан тышкары 500 доллар АКШ уурдап кетишкендигин билдирген. Натыйжасында арыз ээсине 590 000 сомдон ашык зыян келтиргенин билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза …

Read More »

Торпок уурдаган мал ууру кармалып, иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын башка уурулуктарга тиешеси бар экени белгилүү болду

Буга чейин жергиликтүү тургун 24 жаштагы С.Н. сарайдан торпок уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Аталган факт Чүй РИИБде катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Керектүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы фактыга шектүү делип, Чүй ОИИББдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Чүй РИИБдин кызматкерлери тарабынан 18 жаштагы К.Д.  аттуу Чүй облусунун тургуну аныкталып, убактылуу …

Read More »

Сокулук районунун аймагында 2022-жылдын 23-мартынан 25-мартына чейин «Үйсүз калган балдар» аттуу алдын алуу иш-чара өткөрүлдү.

  Иш-чарага Сокулук РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөо кызматкерлери, билим берүү органдарынын, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын алкагында райондун аймагында жайгашкан коомдук жайлар, соода түйүндөр-6, интернет клубдар-6, коомдук тамактануу пункттары, унаа жуучу жайлар текшерилди. Ар кандай мыйзам бузуулар үчүн РИИБге 6-жашы жете элек өспүрүм алынып келинип, жашы жете элек өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери, мыйзамдуу өкүлдөрү менен түшүндүрүү …

Read More »

Сокулук жана Панфилов райондорунда алдын алуу иштери жүргүзүлдү

  Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери  тарабынан кылмыштуулукту жана тартип бузууларды алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Сокулук РИИБдүн кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдары жана дин өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын талаптары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жолгушууда ар бир үй-бүлөлүк салтанаттар болобу же маркумду акыркы сапарга …

Read More »

Москва районунда уурулукка шектүү кармалды

  2022-жылдын 6-март күнү Москва РИИБүнө 1987-жылы туулган Т.А., арыз менен кайрылып, 6-мартка караган түнү белгисиз адамдар анын сайрайынын бир баш уюн уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 1992-жылы туулган Н.Ж., аттуу …

Read More »