ЖАҢЫЛЫКТАР

Кемин районунун аймагында “Арсенал” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө

Кемин районунун аймагында ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону аныктоо, коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу максатында үстүбүздөгү жылдын 15-декабрь күнүнөн тарта “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы өткөрүлүүдө. Аталган иш-чарага Кемин РИИБдүн коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан жана ЖКККБнын кызматкерлеринен түзүлгөн 30дан ашуун кызматкерлер тартылган. Рейддин жүрүшүндө 200 үйдө алдын алуу иштери жүргүзүлүп, 155  аңчылык …

Read More »

Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

2020-жылдын 18-декабрь күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Жайыл районундагы Ак-Башат айылындагы имараттардын биринин жанында эркек кишилердин ортосунда ызы-чуу болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Анын негизинде окуя болгон жерге Жайыл РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлери ал жерди кароо учурунда саркынды суу өткөн түтүктүн жанынан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Кароо учурунда анын денесинде …

Read More »

Москва районунун аймагында “Арсенал” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө

Москва районунун аймагында ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону аныктоо, коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу максатында үстүбүздөгү жылдын 15-декабрь күнүнөн тарта “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы өткөрүлүүдө. Аталган иш-чарага Москва РИИБдүн коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан жана ЖКККБнын кызматкерлеринен түзүлгөн 40тан ашуун кызматкерлер тартылган. Рейддин жүрүшүндө 120 ок атуучу курал сактаган жарандар текшерилди. Алар: …

Read More »

Москва районунда уурулукка шектүү кармалган

2020-жылдын 14-декабрь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Беловодск айылындагы жайгашкан ишканалардын биринин жетекчиси арыз менен кайрылып, белгисиз бирөө ага тиешелүү ТППэпЗ үлгүсүндөгү 85 метрлик кабелин уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 7 миң сомдон ашкан. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 90-беренеси (Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. …

Read More »

Токмок шаарында унаа урдоого шектүү жаран кармалды

Буга чейин Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 49 жаштагы Д.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 3-октябрына караган түнү белгисиз бирөөлөр Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде жайгашкан сырдоочу жайдын кулпусун сындырып кирип, ал жерден “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автоунааны белгисиз тарапка айдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 9 миң АКШ долларын түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз …

Read More »

Аламүдүн милициясы тарабынан автоунааларды айдап качууга шектүүлөр кармалышты

Буга чейин Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Т.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрь күнү анын Октябрь айылындагы гаражына белгисиз бирөөлөр киришип, “Дэу Нексия” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз тарапка айдап кетишкенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кылмыштын бетин ачуу максатында …

Read More »

Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектүү жубайлар кармалышкан

2020-жылдын 12-декабрь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин жашоочусу 19 жыштыгы Ж.И. арыз менен кайрылган. Ал Бишкек шаарындагы такси кызматтарынын биринеде иштеп жатып, 12-декабрь күнү болжол менен саат 20:00 чамаларында анын автоунаасына болжол менен 20-25 жаш курактагы эркек бала менен кыз отурушуп, Ново-Павловка айылына жеткирип коюсун суранышкан. Айтылган дарекке жеткенден кийин автоунаадагы бала айдоочуну коркутуп, …

Read More »

Чүй ОИИББы: Сокулук районунда жолдон өтүп бараткан адамдын денесине залал келтирген жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрь күнү болжол менен саат 22:00 чамаларында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө телефон чалуу болуп, белгисиз эркек киши бирөөнүн денесине залал келтиргендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде дароо Сокулук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан. Териштирүү учурунда, азиат улутундагы эркек киши эч себепсиз жолдон өтүп бара жаткан адамдардардын бирин колундагы катуу нерсе менен уруп, …

Read More »

Жайыл районундагы үйлөрдүн биринен ок атуучу курал алынган

2020-жылдын 11-декабрь күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө жергиликтүү 2002-жылы туулган жаран телефон чалып, атасы үйүндө тынчтык бербей жатканын билдирген. Бул маалыматтын негизинде көрсөтүлгөн дарекке дароо Жайыл районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Териштирүү учурунда Ш.А. аттуу жаран мас абалында үйүнө келип, баласын оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кийин белгисиз куралдан ок атып жиберген. Текшерүү учурунда үйдүн сырткы …

Read More »

Москва районунда уурулукка шектүүлөр колго түшүрүлдү

2020-жылдын 3-декабрь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, анда жумушчу болуп иштеген “Али” аттуу бала Ак-Суу айылындагы кампадан электр техникасын уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде бул кылмышка шектелип, Д.А. аттуу 1975-жылы туулган жаран кармалган. Андан сырткары, Москва районунун …

Read More »