ЖАҢЫЛЫКТАР

Аламүдүн районунда киши өлтүрүүгө шектүү аял кармалды

2018-жылдын 28-февраль күнү болжол менен саат 00:15 чамасында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Лебединовка айылындагы үйлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон дарекке Аламүдүн районунун ИИБнүн ыкчам-тергөө тобу чыгышып, европа улутундагы эркек кишинин жансыз денеси табылып, кароо жүргүзүү учурунда денесинде жаракаттар табылып, киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү маалым болгон. Анын өздүгүн тактоо учурунда …

Read More »

Ысык-Ата районунда мал уурдоого шектүү жарандар кармалды

2018-жылдын 1-январь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө ошол эле райондун 25 жаштагы жашоочусу С.Э. арыз менен кайрылып, 2017-жылдын 31-декабрында түнкүсүн арыз ээсинин сарайынан белгисиз адамдар анын 1 баш байталын уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя боюнча Ысык-Ата районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата районунун ИИБнүн …

Read More »

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 12-январь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 28 жаштагы жашоочусу Д.А. арыз менен кайрылып, 2017-жылдын ноябрь айында “Максат” аттуу жаран анын ишенимине кирип, “Форд-Фокус” үлгүсүндөгү автоунаасын ижарага алып, бүгүнкү күнгө чейин унаасын кайтарып бербей жүргөнүн билдирген. Бул окуя боюнча Алмүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Аламүдүн районунун …

Read More »

Аламүдүн районунан жылкы уурдаган жаран кармалды

2018-жылдын 15-февраль күнү Сокулук районунун Чат-Көл айылынын 32 жаштагы жашоочусу Ч.Б. Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 14-февралда  түнкүсүн арыз ээсинин Арчалы айылында жайгашкан сарайынан бир баш жылкысын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя боюнча Алмүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. ИИМдин, Чүй облусунун ИИББнын  жана …

Read More »

Панфилов районунда бирөөнүн терезесин талкалаган жаран кармалды

2018-жылдын 14-февраль күнү Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө Каиңды шаарынын 44 жаштагы жашоочусу Г.О. арыз менен кайрылып, 14-февраль күнү болжол менен саат 14:00 чамасында арыз ээсинин үйүнө чала тааныш “Владимир” аттуу жаран келип, ээн баштык кылып, арыз ээсинин үйүнүн терезелерин талкалап, окуя болгон из жашырып кеткенин билдирген. Арыз ээсине 35 миң сом материалдык чыгым келтирилген. Бул окуя боюнча Панфилов районунун …

Read More »

Москва районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 21-февраль күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Сретенка айылынын 29 жаштагы жашоочусу О.Б. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 10-январь күнү болжол  менен саат 22:00 чамасында арыз ээсинин үйүнө белгисиз адамдар киришип, уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 8000 сомду түзгөн. Бул окуя боюнча Москва районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Мал уурдоо) боюнча …

Read More »

Токмок шаарында унаа уурдоого шектүү жаран кармалды

2017-жылдын 24-ноябрь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 34 жаштагы жергиликтүү жашоочу К.Т. арыз менен кайрылып, 23-ноябрда түнкүсүн болжол менен саат 23:30 чамасында Токмок шаарындагы кичи райондордун бирине токтоп турган “Фольксваген-Жетта” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жарандар айдап кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча топтолгон материалдардын негизинде Токмок шаарынын ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын …

Read More »

Чүй ОИИББда ант берүү аземи өттү

2018-жылдын 23-февраль күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынынын саптык майданында Чүй облусунун ИИББнын жана милициянын кайгуул-күзөт кызматынын  өздүк курамынын катышуусунда жаңы кызматка киришип жаткан жаш кызматкерлердин ант берүү аземи болуп өттү. Ант берүү ар бир жигит үчүн сыймык, жана ардактуу. Себеби, Кыргыз элинин тынчтыгын, бейпилдигин, малекеттин жана коомдун коопсуздугун сактоо үчүн мамлекеттин кызылыгы жана бүтүндүгү үчүн …

Read More »

Чүй облусунда “Лидер” аталышындагы кылмыштуулукту алдын алуу иш-чарасы болуп өттү

Жаш өспүрүмдөр арасында тартип бузууларды, кылмыштуулукту жана мектеп рекетчилигин алдын алуу үчүн комплекстүү иш-чаралар өткөрүлүп келгени менен жаш өспүрүмдөр арасындагы криминогендик абал кооптонууларды жаратып, ал тургай жаш өспүрүмдөрдүн оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышкандыгы жок эмес. Ушул өңдүү жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында Чүй облусу боюнча 2018-жылдын 15-февралынан 17-февралга чейин “Лидер” аталышындагы алдын алуу иш-чаралары болуп өттү. Чүй …

Read More »

Аламүдүн районунда мал уурдого шектүү жарандар кармалышты

2018-жылдын 13-январь күнү Аламүдун районунун ички иштер бөлүмүнө Мраморное айылынын 51 жаштагы жашоочусу А.Ж. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 12-январынан 13-январына караган түнү Мраморное айылында жайгашкан сарайынан белгисиз адамдар анын 30 баш коюн уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси “Мал уурдоо” боюнча кылмыш иши козголгон. Чүй облусунун ИИББнын жана …

Read More »