ЖАҢЫЛЫКТАР

Москва районунда мал уурулуктарды алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

  Москва районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлеринин демилгеси менен 2021-жылдын 17-ноябрь күнү “Мал ууру” аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чарга 30 ашуун милиция кызматкерлер тартылып, 50 ашык мал кармаган сарайдын ээлери жана малчылары менен алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Жолугушууда малдарды уурулуктан сактоонун жөнөкөй эрежелерин сактоо боюнча кеңештер берилди. Москва райондук милиция кызматкерлери тарабынан 100дөн ашык эскертүүлөр мал баккан сарайларга …

Read More »

Ысык-Ата районуда өспүрүмдөр арасында алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

  Ысык-Ата райондук ИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорунун демилгеси менен “Камкордук” аталышындагы алдын алуу багытындагы рейд иш-чарасы үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрынан 19-ноябрь күнүнө чейин өткөрүлүүдө. Иш-чаранын максаты жаш өспүрүмдөр катышкан кылмыштуулук жана тартип бузууларды алууга багытталган. Рейд учурунда билим берүүчү жайларда лекциялар окулуп, коомдук жайлар, базарлар, оюн-зоок клубдар жана башка жайларда текшерүү иштери жүргүзүлдү. 17-ноябрь күнү Ысык-Ата районунда жайгашкан 3 …

Read More »

Сокулук районунда өзүн милиция кызматкеримин деп дарыканадан акча талап кылган жаран кармалды

  2021-жылдын 15-ноябрь күнү Сокулук РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө, белгисиз адам тарабынан акча талап кылуу фактысы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал маалыматтын негизинде Сокулук РИИБдүк ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке дароо чыгышкан. Окуя болгон жерден милиция кызматкерлерине 1998-жылы туулган У.Э. аттуу жаран арыз жазып, 2021-жылдын 15-ноябрь күнү болжол менен саат 00:00 чамаларында Ново-Павловка айылындагы дарыканалардын бирине бейтааныш бирөө кирип, өзүн …

Read More »

Токмок шаарында жергиликтүү жашоочулар менен алдын алуу иштери жүргүзүлдү

  2021-жылдын 16-ноябрь күнү Токмок шаарынын ИИБдүн кызматкерлери, Токмок шаардык мэриянын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин алдындагы монополияга каршы агенттигинин кызматкерлери биргеликте Токмок шаарынын аймагында көмүр сатуучу жайларды кыдырышып, көмүр саткан жарандар менен алдын алуу иштери жүргүзүлүп, кыш мезгилине карата көмүргө болгон бааларды өз алдынча жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чара учурунда Токмок шаардык ИИБдүн …

Read More »

Жайыл районунда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрь күнү Жайыл районунун ИИБдүн аймактык тескөөчүлөрү, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, Жайыл району жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте Кара-Балта-Бишкек каттамдары боюнча жүргүнчү ташыган айдоочулар менен андын сырткары, Ош-Бишкек жолундагы Сосновка айылындагы тосмодон жана Суусамыр өрөөнүндө айдоочулар менен жолугушуп, транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Автоунаалардын дөңгөлөктөрүн мезгилге жараша алмаштырып, ылдамдык эрежелерин сактоо …

Read More »

Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды

  Аламүдүн районунун ИИБнө Маевка айылынын тургуну У.Н арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 7-ноябрында дүкөндөн акча жана азык-түлүктөрдү уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда. Аталган факты Аламүдүн райондук ИИБнүн КЖБР КР Кылмыш-жаза кодексинин 200 (Уурдоо) беренсинин негизинде катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББнын Криминалдык милиция кызматкерлери жана Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери …

Read More »

Чүй облусунун аймагында алдын алуу иш-чаралы жүргүзүлүүдө

Чүй облусунда коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо ошондой эле кылмыштуулукту болтурбоо максатында, үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрь күнүнөн тарата мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүүнү алдын алуу жана ок атуучу курал жарактарды сактоо боюнча эрежелерин текшерүү боюнча алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Иш-чарага Чүй облусу боюнча ички иштер органдарынын лицензияга уруксат берүү кызматынан, коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан жана ЖКККБнын …

Read More »

Чүй районунда телефон зымдарын уурдоого шектүү кармалды

  Үстүбүздөгү жылдын 31-октябрынан 1-ноябрга караган түнү Чүй районунда жайгашкан иш-каналардын биринин 400 метрлик телефон зымын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкени тууралуу маалымат 2021-жылдын 1-ноябрь күнү Чүй районунун ИИБнө келип түшкөн. Келтирилген матиалдык чыгым 80 миң сомго бааланган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББнын …

Read More »

Аламүдүн районунда бир нече уурулукка шектүүлөр кармалышты

  Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Арашан айылынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 1-ноябрь күнү анын темир дарбазасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан  ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү жарандар …

Read More »

Алдамчылык фактысына шектүү кармалды

Токмок шаардык ИИБнө 43-жаштагы Д.Д. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, чала тааныш аял анын ишенимине кирип, эки жуманын ичинде кайра кайтарып берүү үчүн убада кылып, 10 миң АКШ долларын алып ошол боюнча кайтарып бербей из жашырып жүргөнүн айтып, аталган жаранга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Аталган факты Токмок шаардык ИИБү тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын …

Read More »