Daily Archives: 31.10.2020

Чүй ОИИББнын ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Асанов Ашыркул Рыспекович милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Урматтуу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери! Сиздерди өзүмдүн атымдан жана Чүй облусунун ИИББнын жалпы ардагерлеринин атынан кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын милиция кызматкеринин кесиптик майрамы менен куттуктайм! Коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактап, кылмыштуулукка, терроризм, экстремизм коркунучтарына каршы туруп, кылмыштуулуктун бардык түрү менен күрөш жүргүзүп жаткан кесиптештеримдин каармандыгын, чыдамкайлыгын жана кесипкөйлүгүн Кыргызстан эли жогору баалашат деген …

Read More »

ЧҮЙ ОБЛУСУНДА МИЛИЦИЯ КЫЗМАТЫНЫН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

2020-жылдын 30-октябрь күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө 96 жылдыгына карата иш-чара белгиленди. Аталган майрамдык салтанатта Чүй облусунун ИИББнын начальнигинин милдетин аткаруучу милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович, Чүй облусунун ИИББнын өздүк курамды жана ардагерлерди кесиптик майрамдары менен куттуктап, кызматкерлерде акыйкаттуулук, кесипкөйлүк, жоопкерчилик жана жарандар менен сылык мамиледе болуусу, коомчулуктун милиция кызматына болгон ишенимин жогорулатаарын кошумчады. …

Read More »

Чүй облусунда жол кырсыктардын алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү

2020-жылдын 26-октябрь күнү Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 9 ай ичинде аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме Чүй облусунун ИИББнын кеңешме залында өткөрүлдү. Аталган иш-чарага ИИМдин ЖКККББнын жетекчилиги, Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын жетекчилиги ошондой эле райондук шаардык ЖКККБнын бөлүм башчылары катышышты. Жыл башынан бери Чүй облусу боюнча ЖКККБнын аткарган иштери боюнча өткөн жылга …

Read More »

Москва районунда уурулукка шектүулөр кармалды

2020-жылдын 9-октябрь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Беловодское айылынын 19 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, велосипедин белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 31 жаштагы Ч.К. аттуу жаран кармалган. Андан сырткары Москва районунун …

Read More »

Кемин районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

2020-жылдын 17-октябрь күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө Борбу айылынын 31 жаштагы жашоочусу С.Д. арыз менен кайрылып, Кемин районунун аймагында жайгашкан кирпич чыгаруучу ишканадагы автоунаалардын 5 аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым такталууда. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-бнернеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жүргүзүлгөн иш-чарлардын натыйжасында Кемин …

Read More »

Чүй облусунун ички иштер органдарынын онлайн кеңешмесинде ыкчам кызматтык ишмердикти жакшыртуу боюнча маселелер каралды

2020-жылдын 21-октябрь күнү Чүй облусунун ИИББнын борбордук аппаратынын кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн ошондой эле райондук шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда онлайн кеңешме болуп өттү. Кеңешмеде Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан 2020-жылдын 9 айында аткарылган ыкчам кызматтык ишмердүүлүк боюнча жыйынтык чыгарылып, айрым кемчиликтерди жоюу боюнча талкуу болду. Кеңешмеде Чүй облусунун ИИББнын жетекчили тарабынан коомдуук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулукту алдын алуу жана катталган …

Read More »

Аламүдүн районунан мал уурдоого аракет кылган адамдар кармалды

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан 6 баш бодо малды уурдоого аракет кылган жарандар Жалал-Абад облусунан кармалды. Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Октябрь айылынан мал уурдоого аракет кылган окуя тууралуу мааламт келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде ыкчам тергөө тобу дароо окуя болгон жерге чыгышкан. Териштирүү учурунда, 20-октябрь күнү белгисиз адамдар 31 жаштагы Э.Т. аттуу жергиликтүү …

Read More »

Сокулукта бир тууганын өлтүрүүгө шектүү кармалды

2020-жылдын 19-октябрь күнү болжол менен саат 17:17 чамаларында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Саз айылындагы үйлөрдүн биринде киши өлтүрүү болгондугу тууралуу мааламт келип түшкөн. Ал маалыматтын негизинде Сокулук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн учурда төмөндөгүлөр маалым болгон. 69 жаштагы А.М. иниси 64 жаштагы А.Д. менен уруша кетишип, балта менен чаап жиберген. Жыйынтыгында …

Read More »

Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан бир катар кылмыштын бети ачылды

Буга чейин Сокулук районунун ички иштер органдарына Джал айылынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 31-август күнү анын үйүнө белгисиз бирөөлөр киришип, акча каражаттарын уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүруш иштери башталган.  Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектелип Б.Э. аттуу жаран кармалып убактылуу …

Read More »

Чүй районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

2020-жылдын 7-октябрь күнү Чүй районунун ИИБнө арыз менен 32 жаштагы А.З. кайрылып, Чүй айылындагы үйлөрдүн биринен анын велосипедин белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген чыгым 9000 сомду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй районун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 35 …

Read More »