Monthly Archives: March 2022

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлерине окутуу иштери жүргүзүлүүдө

Чүй облусунун ИИББнын тергөө кызматынан, коомдук коопсуздук кызматынан жана  кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн топ Чүй облусунун ички иштер органдарына Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана жаңы кабыл алынган кодекстери боюнча окутуу иштерин жүргүзүшүүдө. Жер-жерлерде милиция кызматкерлеринин жумуштарын жакшыртуу, элдин ИИОнун кызматкерлерине болгон ишенимин бекемдөө ошондой эле кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында лекциялар окулууда. Анда жаралган суроолорго жооптор берилүүдө. Ошондой эле жергиликтүү …

Read More »

Сокулук районунда уурулук кылмыштардын алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө

Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан уурулук кылмыштардын алдын алуу боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 10-мартка чейин “Ууру” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы өткөрүлүүдө. Аталган иш-чарага Сокулук РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматынан, милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы ошондой эле Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери катышышты. Сокулук районунун Ново-Павловка айыл аймагындагы жаңы конуштарда жашоочулардын басымдуу бөлүгү жашагандыктан ошол аймактарда милиция кызматкерлери рейд …

Read More »

Чүй облусунун аймагында “Арсенал” аталышындагы комплекстүү профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө

Чүй облусунун аймагында ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону аныктоо, коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу максатында үстүбүздөгү жылдын 18-февралынан 31-мартка чейин “Арсенал” аталышындагы комплекстүү алдын алуу рейд иш-чарасы өткөрүлүүдө. Аталган иш-чарага Чүй облусунун ИИОнун коомдук коопсуздук кызматынан, кылмыш иликтөө кызматынан жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринен 300дөн ашуун кызматкерлер тартылган. Рейддин жүрүшүндө курал-жарак сактаган …

Read More »

Аламүдүн районунда тоноочулук фактысына шектүү кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдырнын натыйжасында Аламүдүн районунун аймагында катталган тоноо фактысына шектелип 5 жаран кармалган. Бул боюнча 2022-жылдын февраль айында Аламүдүн РИИБүнө 1998-жылы туулган Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда бейтааныш адамдар анын жана досунун телефондорун жана 10 миң сом акчасын тартып алышып белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген. Бул факты кылмыштадын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси …

Read More »

72 жаштагы Тамара апага “Офицердин жубайы” медалы тапшырылды

Чүй облусунун ИИББнын башчысы милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович 8-Март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата Раева Тамара Раевнага “Офицердин жубайы”  медалын тапшырды. Тамара апанын жолдошу Ишеналиев Кубатбек Ишеналиевич ички иштер органдарында 30 жылдан ашык кызмат өтөп милициянын полковниги наамына жеткен. Ал 1974-жылы аскерге чакырылып, аскердик кызмат өтөгөн соң ИИОдо кызмат өтөөнү максат кылып, СССР  ИИМдин Чебоксар милициянын жогорку мектебинде окуп келген. …

Read More »

Чүй ОИИББда Аялдардын эл аралык күнү белгиленди

  Бүгүн, 2022-жылдын 7-март күнү Чүй ОИИББда 8-Март Аялдардын эл аралык күнү белгиленди. Ага Чүй ОИИББнын жетекчилиги, ардагерлери жана өзүк курам катышышты. Иш-чарада Чүй ОИИББнын башчысы милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Анда, “Ардактуу айымдар! Сиздерди Чүй ОИИББнын мырзаларынын жана  жеке өзүмдүн атымдан жагымдуу жаз майрамы – 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен …

Read More »

Чүй ОИИББда ишембилик өткөрүлдү

  Бүгүн, 2022-жылдын  5-мартында Чүй облусунунун ИИББда ишембилик болуп өттү. Ага баардык кызматтардын, бөлүмдөрдүн кызматкерлери катышышты. Иш-чарада Чүй ОИИББнын имаратынын аймагында  тазалоо иштери жогорку деңгээлде жүргүзүлүп, таштандылар чыгарылды. Айлана чөйрөнү тазалоо, ишембилик жумуштарына Чүй ОИИББнын кызматкерлери ар дайым активдүү катышып келишет. Анткени мындай иштер шаарыбыздын тазалыгына чоң салым кошуп, жашоочуларга жакшый маанай тартуулайт.

Read More »

Чүй облусунда ИИОнун кызматкерлери жана дин өкүлдөрү Президенттин Жарлыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана ИИОнун кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштарды жергиликтүү жашоочуларга жеткирүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. 2022-жылдын 4-мартында Чүй облсундагы райондук, шаардык ИИОнун жетекчилери, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана имамдар менен биргеликте Чүй облусундагы мечиттерде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана …

Read More »

Панфилов РИИБдүн кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери улантылууда

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана ИИОнун кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштарды жергиликтүү жашоочуларга жеткирүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. 2022-жылдын 4-мартында Панфилов РИИБдүн жетекчилиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана имамдар менен биргеликте жергилкитүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Анда Панфилов районундагы мечиттердин биринде жума намазга чогулган тургундарга Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды …

Read More »

Кемин жана Москва РИИБдүн кызматкерлери тарабынан Президенттин Жарлыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана ИИОнун кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштарды жергиликтүү жашоочуларга жеткирүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. 2022-жылдын 2-мартында Москва РИИБдүн жетекчилиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана имамдар менен биргеликте жергиликтүү жашоочулар менен жолгушууларды уюштурушту. Анда жашоочуларга Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча …

Read More »