Monthly Archives: March 2022

Чүй облусунун ИИББда мамлекеттик туунун күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 2022-жылдын 3-март күнү Чүй облусунун ИИББнын борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектин күнү салтанаттуу белгиленди. Иш чарага Чүй ОИИББнын башчысы милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович жана орун басарлары, ошондой эле өздүк курамдын кызматкерлери катышышты. Алгач Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу көтөрүлүп, гимни ойнолду. Чүй ОИИББнын башчысы С.Асаналиев бүгүнкү иш-чаранын тарыхына токтолду. -Үстүбүздөгү жылы мамлекттик туунун кабыл алынганына 30 жыл толуп …

Read More »

Аламүдүн районунун жашоочулары менен жолугушууда маанилүү маселелер талкууланды

Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагында жергиликтүү жашоочулар менен жолгушуу болуп өттү. Аталган иш чара Аламүдүн РИИБдүн, райондук мамлекеттик администрациясы жана Лебединовка айыл аймагынын жетекчилигинин демилгеси менен уюштурулду. Иш-чарага Аламүдүн районунун акими Анаркулов Бактибек Кочкорович, РИИБдүн башчысы милициянын полковниги Эркинбаев Нурланбек Майрамбекович, социалдык өнүктүрүү кызматынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имамдар ошондой эле жергиликтүү жашоочулар катышышты. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында …

Read More »

Чүй районунда түшүндүрүү иштери улантылууда

Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жолгушуу болуп, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын элге жеткирүү иштери жүргүзүлдү. Аталган иш-чарага Чүй райондук милекеттик администрация башчысы Жыргалбек Шакиев, РИИБдүн жетекчиси милициянын подполковниги Эрлан Исмаилов, айыл аймак башчылары, имамдар, айыл башчылары жана жергиликтүү аксакалдар катышышты. Жолгушууда Чүй РИИБдүн башчысы тарабынан …

Read More »

Кемин районунда “Арсенал” рейд иш-чарасы болуп өттү

  Кемин районунун ИИБдүн коомдук коопсуздук кызматкерлери тарабынан “Арсенал” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Рейд учурунда милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан 150 турак жайды үймө-үй кыдыруу иштери жүргүзүлдү. Анда мергенчилик менен алектенген 60 дан ашуун жарандардын ок атуучу куралдарды сактоонун эрежелери текшерилди. Иш-чарада эрежелерди сактабаган жарандарга карта 10 административдик протокол толтурулган. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 133-беренеси (Ок …

Read More »

Токмок шаарында милиция кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар менен алдын алуу жумуштарын жүргүзүшүүдө

Чүй облусунун аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартип сактоо жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келишет. Анын алкагында Токмок шаарындагы орто мектептердин биринде Токмок ШИИБдүн кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери болуп өттү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, үй башчылары, активдүү жарандар жана жергиликтүү жашоочулар катышышты. Иш-чара учурунда Токмок ШИИБдүн коомдук коопсуздук кызматы …

Read More »

Сокулук районун Жаңы-Жер айылында өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрүлдү

2022-жылдын 25-февраль күнү Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын орто мектебинде тегерек стол болуп өттү. Аталган иш-чарага Жаңы-Жер аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы, айыл аймактын башчысы, Төмөнкү-Чүй, Жаңы-Пахта жана Камышановка айылындагы мектеп директорлору, ата-энер комитети жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Жолугушууда өспүрүмдөр арасындагы тартип бузуулар тууралуу видео ролик көрсөтүлүп, балдар арасындагы мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча талкуулар жүргүзүлдү. Өспүрүмдөргө туура тарбия берүү эң …

Read More »

Москва районунда “Өспүрүм-Түн” аталышындагы алдын алуу иш-чара өткөрүлдү

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан кылмыштуулукту жана башка тартип бузууларды алын алуу максатында рейд иш-чаралары байма-бай өткөрүлүүдө. Москва районунун ИИБдүн демилгеси менен жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жана башка тартип бузууларды болтурбоо максатында 2022-жылдын 24-25-февраль күндөрү “Өспүрүм-Түн” аталышындагы алдын алуу рейд иш-чарасы болуп өттү. Алдын алуу иш-чара учурунда коомдук жайлар, кафе-ресторандар, компьютердик клубдар, парк жана башка көңүл ачуучу жайларда текшерүү иштери …

Read More »

Ысык-Ата районунда мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалышты

Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Чүй облусунун аймагындагы айрым мүрзөлөрдүн темир тосмолорун белгисиз бирөөлөр талкалап жатышкандыгы тууралуу маалымат таркатылгын. Учурунда Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы тарабынан эч кандай вандализм фактысы жок экендиги тууралуу маалымат берилген. Анда тосмолордун темирлерин уурдоо фактысы болгондугу боюнча материалдар катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланган. 2022-жылдын 28-февраль күнү “Арсенал” рейди учурунда Ысык-Ата районунун Ново-Покровка …

Read More »

Сокулук районунда алдын алуу иштери улантылууда

  Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукту алдын алуу жумуштары тынымсыз жүргүзүлүп келет. Сокулук районунда мал уурулуктарын алдын алуу максатында милиция кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын өкүлдөрүнөн турган алты мобилдик топ түзүлгөн. Анда район аймагындагы мал базарларда жана башка коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Милиция кызматкерлери тарабынан мал сатып иштеген жарандарга алдамчылык фактыларына …

Read More »