Monthly Archives: March 2022

Жайыл районунда алдамчылыкка шектүү аял кармалды

2022-жылдын 21-февралында Жайыл РИИБүнө 1973-жылы туулган С.Г. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш аял анын ишенимине кирип, Кара-Балта шаарындагы базарлардын биринен алдоо жолу менен эки баш бодо малын 142 миң сомго баалап алган.  Ошондон тарта бүгүнкү күнгө чейин акчасын же малын кайтарып бербей качып жүргөнүн билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча …

Read More »

Аламүдүн районунда велосипед уурдоого шектүү кармалды

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында бир нече ведосипед уурдоого шектүү кармалды. Аламүдүн РИИБүнө Көк-Жар айылынын жашоочуларынан эки арыз түшкөн. Анда белгисиз бирөөлөр Көк-Жар айылынан велосипеттерин уурдап кеткенин билдиришкен. Келтирилген материалдык чыгым 70 миң сомду түзгөн. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш …

Read More »

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын коомчулукка жеткирүү иш-чарасы Москва районунда улантылды

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана алдын алуу жумуштары тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. 2022-жылдын 16-март күнү Москва райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жолгушуу болуп, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын элге жеткирүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары …

Read More »

Кант шаарында жолугушуу болуп Президентинин Жарлыгы жеткирилди

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана алдын алуу жумуштары тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Бүгүн 2022-жылдын 15-март күнү Ысык-Ата районунун Кант шаарында жергиликтүү жашоочулар менен жолгушуу болуп өттү. Аталган Иш-чарага Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары милициянын полковниги Ажыбаев Айбек Жакшымбекович, Ысык-Ата РИИБдүн жетекчилиги, Кант шаарынын мэри Майлибашев Улан Бекболотович, жергиликтүү кеңештин төрагасы, квартал …

Read More »

Ысык-Ата районунда аккумулятор уурдоого шектүүлөр кармалышты

2022-жылдын март айында Ысык-Ата РИИБүнө жергиликтүү жашоочулардан үч арыз келип түшкөн. Анда жүк ташуучу автоунааларынын аккумуляторун белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалып жатканын билдиришкен. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы уурулуктар көбүнчө түнкүсүн болуп жатканы аныкталып, келтирилген чыгым 90 миң сомду …

Read More »

Кемин районунда профилактикалык иш-чаралар улантылууда

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана алдын алуу жумуштары тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Кемин РИИБдүн кызматкерленринин демилгеси менен 2022-жылдын 12-13-март күндөрү жаш балдар арасындагы тартип бузууларда жана башка мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо ошондой эле өспүрүмдөрдүн көчөлөрдө жүрүүсүн алдын алуу максатында “Өспүрүм-Түн” аталашындагы рейд иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарада милиция кызматкерлери тарабынан түнкүсүн коомдук жайлар, кафе-ресторандар, …

Read More »

Москва районунда киши өлтүрүүгө шектүүлөр кармалышты

2021-жылдын 4-декабрында Москва РИИБүнө телефон чалуу болуп, болжол менен 40-45 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде Москва РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда ал 1981-жылы туулган А.А. аттуу жаран экендиги такталган. Бул окуя РИИБү тарабынан каттылып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында каза болгон жарандын муунтулгандыгы …

Read More »

Москва районунда каракчылыкка шектүү кармалды

2022-жылдын 9-март күнү айматык ооруканга аял киши дене жаракаттары менен жеткирилгендиги тууралуу маалымат Москва РИИБүнө келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Москва РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Териштирүү учурунда жогорудагы аялдын өздүгү аныкталып ал 1973-жылы туулган И.А.экендиги такталып, ал милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда бейтааныш 20-25 жаш курактагы эркек бала күч колдонуп, баш тарабына бир нече …

Read More »

Токмок шаарында уурулукка шектүү кармалды

Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок ШИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында уурулук кылмыштарына шектүү кармалды. 2021-жылдын октябрь айынан тарта Томкок ШИИБүнө жергиликтүү жашоочулардан бир нече арыздар катталган. Алардын бири телефонун белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирсе, дагы бир жаран сумкасын ичиндеги акча каражаттары жана зер боюндары менен бирөө уурдап кеткени боюнча кайрылган. Андан сырткары азык-түлүк жана темир …

Read More »

Сокулук жана Жайыл райондорунда алдын алуу жумуштары жүргүзүлдү

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана алдын алуу жумуштары тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Сокулук РИИБдүн жетекчилиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана имамдар менен биргеликте жергиликтүү жашоочулар менен жолгушууларды уюштурушту. Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы жашоочуларга жеткирилди. Сокулук районунда жүргүзүлгөн тушүндүрүү …

Read More »