ЖАҢЫЛЫКТАР

Ысык-Ата районунда аккумулятор уурдоого шектүүлөр кармалышты

2022-жылдын март айында Ысык-Ата РИИБүнө жергиликтүү жашоочулардан үч арыз келип түшкөн. Анда жүк ташуучу автоунааларынын аккумуляторун белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалып жатканын билдиришкен. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы уурулуктар көбүнчө түнкүсүн болуп жатканы аныкталып, келтирилген чыгым 90 миң сомду …

Read More »

Кемин районунда профилактикалык иш-чаралар улантылууда

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана алдын алуу жумуштары тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Кемин РИИБдүн кызматкерленринин демилгеси менен 2022-жылдын 12-13-март күндөрү жаш балдар арасындагы тартип бузууларда жана башка мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо ошондой эле өспүрүмдөрдүн көчөлөрдө жүрүүсүн алдын алуу максатында “Өспүрүм-Түн” аталашындагы рейд иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарада милиция кызматкерлери тарабынан түнкүсүн коомдук жайлар, кафе-ресторандар, …

Read More »

Москва районунда киши өлтүрүүгө шектүүлөр кармалышты

2021-жылдын 4-декабрында Москва РИИБүнө телефон чалуу болуп, болжол менен 40-45 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде Москва РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда ал 1981-жылы туулган А.А. аттуу жаран экендиги такталган. Бул окуя РИИБү тарабынан каттылып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында каза болгон жарандын муунтулгандыгы …

Read More »

Москва районунда каракчылыкка шектүү кармалды

2022-жылдын 9-март күнү айматык ооруканга аял киши дене жаракаттары менен жеткирилгендиги тууралуу маалымат Москва РИИБүнө келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Москва РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Териштирүү учурунда жогорудагы аялдын өздүгү аныкталып ал 1973-жылы туулган И.А.экендиги такталып, ал милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда бейтааныш 20-25 жаш курактагы эркек бала күч колдонуп, баш тарабына бир нече …

Read More »

Токмок шаарында уурулукка шектүү кармалды

Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок ШИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында уурулук кылмыштарына шектүү кармалды. 2021-жылдын октябрь айынан тарта Томкок ШИИБүнө жергиликтүү жашоочулардан бир нече арыздар катталган. Алардын бири телефонун белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирсе, дагы бир жаран сумкасын ичиндеги акча каражаттары жана зер боюндары менен бирөө уурдап кеткени боюнча кайрылган. Андан сырткары азык-түлүк жана темир …

Read More »

Сокулук жана Жайыл райондорунда алдын алуу жумуштары жүргүзүлдү

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана алдын алуу жумуштары тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Сокулук РИИБдүн жетекчилиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана имамдар менен биргеликте жергиликтүү жашоочулар менен жолгушууларды уюштурушту. Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы жашоочуларга жеткирилди. Сокулук районунда жүргүзүлгөн тушүндүрүү …

Read More »

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

2022-жылдын 28-февралында Аламүдүн РИИБүнө 1980-жылы туулган А.Ф. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш эркек киши анын ишенимине кирип 115 миң сомго автоунаасын алып, алгач 10 миң сомун берип, калган 100 миң сомдон ашык акчасын бербей качып жүргөнүн билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн …

Read More »

Ысык-Ата районунда бир нече уурулук фактысына шектүү кармалды

Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында уурулук кылмыштарына шектелип 1982-жылы туулган С.М. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул боюнча Ысык-Ата РИИБүнө бир нече жаран арыз менен кайрылган. Анда автоунаа тетиктерин, темир түтүктөрүн, темир отургучтарын жана мүрзөдөгү темир отургучтарды белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдиришкен. Жогорудагы фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз …

Read More »

Сокулук районунда жаш өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан профилактикалык жумуштар жер-жерлерде тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Сокулук РИИБдүн жаш өспүрүмдөр мене иштөө инспекциясынын демилгеси менен 2022-жылдын 10-11-март күндөрү “Укук бузуу” аталышындагы алдын алуу рейд иш-чарасы өткөрүлдү. Анын максаты жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктарды жана тартип бузууларды алдын алууга багытталган. Иш-чарага райондук прокуратуранын өкүлдөрү, үй-бүлө жана балдарды коргоо кызматынан, райондук билим берүү бөлүмүнөн кызматкерлер катышышты. …

Read More »

Сокулук районунда уурулук жана тоноо кылмыштарына шектүүлөр кармалышты

Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде аккумулятор уурдоого шектелип 2006-жылы туулган У.А. жана К.А., 2004-жылы туулган Т.А. аттуулар кармалышып, тергөө кызматына өктөрүлүп берилген. Бул боюнча Сокулук РИИБүнө 1989-жылы туулган Г.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда жүк ташуучу автоунаасынын эки аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине …

Read More »