ЖАҢЫЛЫКТАР

ИИМдин 3 айдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму өтүүдө

2024-жылдын 26-апрелинде ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2024-жылдын биринчи чейрегинин ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум онлайн форматта өтүүдө. Ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, Ички аскерлердин кол башчысы, Атайын багыттагы полкунун командири, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, окуу жайлардын, …

Read More »

Милиция кызматкерлери Орловка шаарындагы №2 орто мектепте өткөрүлүп жаткан тестирлөө учурунда окуучулар арасындагы жаңжалдын алдын алышты

2024-жылдын 25-апрелинде Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Орловка шаарынын №2 орто мектебинде окуучулары арасында уруш болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат Кемин РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, аталган маалыматтын негизинде Кемин РИИБдин ыкчам-тергөө тобу жөнөп кеткен.  Кемин РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып төмөндөгүлөрдү аныктаган. 2024-жылдын 25-апрелинде Орловка шаарынын №2 орто мектебинде тестирлөө өткөрүлүп, тестирлөөгө Кемин районунун …

Read More »

Чүй облусунда “Таза тергөө” программасынын алкагында усулдук-практикалык сабактар өткөрүлдү

2024-жылдын 15-19-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Н.Эшимкан уулу, Тергөө кызматынын контролдоо методикалык башкармалыгынын тергөөчүлөрү, Чүй ОИИББнын Тергөө кызматынын башчысы милициянын полковниги Ж.Исакбаева жана контролдоо методикалык бөлүмүнүн тергөөчүлөрү Чүй облусунун шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн Тергөө кызматынын тергөөчүлөрүнө “Таза тергөө” автоматташтырылган системасынын иштөөсү боюнча усулдук-практикалык сабак өткөрүштү. Сабактын жүрүшүндө кызматкерлер сотко чейинки өндүрүш иштерин, …

Read More »

Чүй облусунда мектеп рэкетчилигине каршы күрөшүү иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү жаран кармалды

2024-жылдын 21-апрелинде Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө А.Казакбаев атындагы орто мектептин 9-классынын У.К. аттуу окуучусу ошол эле мектептин 8-классынын окуучуларынан системалуу түрдө уруп-сабап, опузалап акча талап кылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Аталган факт Кемин РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 208-беренесинде көрсөтүлгөн (Опузалап талап кылуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда 2008-жылы …

Read More »

Сокулук районунда Хизбут-Тахрир диний-экстремиттик уюмунун мүчөсү кармалды

Сокулук РИИБдин Экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасында тыюу салынган Хизбут-Тахрир диний-экстремиттик уюмуна үндөгөн материалдар, жана бул уюмга тиешелүү атрибуттарды фейсбук баракчасы аркылуу жайылткан “Бапаев” аттуу интернет колдонуучу аныкталган . Баракчадан алынган матералдар Соттук экспертизага берилип жыйнтыгында ал материалдар Хизбут-Тахрир диний-экстремиттик уюмуна таандык экендиги аныкталган. Бул факт Сокулук РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 332-беренесинин (Экстремисттик …

Read More »

В Чуйской области задержаны подельники подозреваемого, который подделав документы распродал земли сельскохозяйственного назначения, один из них должностное лицо ГУ Кадастра

14 февраля 2023 года в ОВД Сокулукского района с заявлением обратился Т.И., о принятии мер в отношении неизвестных лиц, которые незаконно захватив его 10 земельных участков мерою по 0,04 га, расположенные в контуре № 295 села Военно-Антоновка и обманным путем, используя поддельные документы продавали гражданам для строительства жилых домов, тогда как земельные участки по назначению являются сельскохозяйственными. Данный факт зарегистрирован …

Read More »

Чүй облусунда такси кызматкерин өлтүрүүгө аракет жасалган. Кол салгандардын бири такси кызматкеринин коргонуусунан улам ошол жерде каза болгон, ал эми экинчиси кармалды

 2024-жылдын 18-апрель күнү саат 02:20 чамасында 1991-жылы туулган А.Б. аттуу жаран өзүнүн “Киа К-7” унаасы менен “Яндекс” такси кызматын көрсөтүү учурунда, Бишкек шаарынан буйрутма түшүп, 2004-жылы тулган М.Н. жана 2005-жылы туулган Д.А. аттуу жарандар айдоочуну Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу айылына жеткирүүнү суранган. Айтылган дарекке келген учурда, унаанын арткы орундугунда олтурган 2004-жылы туулган М.Н. аттуу жаран айдоочунун мойнунга бычак менен сайып, …

Read More »

Чүй облустук ички иштер органдарынын Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча окуу өткөрүлдү

2023-жылдын 28-29-ноябрь күндөрү Чүй ОИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан, Чүй облустук ички иштер органдарынын Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине, облус аймагындагы баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатында окуу өткөрүлдү. Бул күндөрү Ички иштер министрлигинин Синтетикалык заттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы, милициянын подполковниги Акылбек Сегизбаев жана Чүй ОИИББнын БМЖКККнын башчысы, милициянын подполковниги Уранбек Шамыркановдор баңги заттардын жайылышын алдын …

Read More »

Сокулукта адам өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөндөр кармалды

2023-жылдын 22-сентябрында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын клиникалык ооруканасына Жаңы-Жер (20-хутор) айылынын тургуну 1954-жылы туулган А.А. аттуу жарандын октон алган жаракаттан улам жанысыз денеси жеткирилгендиги жана Жаңы-Жер айылынын (20-хутор) 1986-жылы туулган Г.М. аттуу жаран октон алган жаракаттан улам келип түшүп жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-беренеси …

Read More »

Жайыл РИИБдин кызматкерлери калк арасындагы улуттар аралык кастыктын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө

2023-жылдын 14-августунда Жайыл РИИБдин Экстермизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракетенүү кызматы Степной айылынын тургундары менен жолугушту. Бул иш-чара улуттар арасындагы кастыкты козутпоо, ынтымакты бекемдөө, диний экстремизм, терроризмдин алдын алуу, чагымчыл чакырыктарга жол бербөө максатында жүргүзүлдү. Бул жолугушууда Кыргыз Республикасында тыюу салынган ар кандай агымдар жана алардын идеологиялары, иш аракеттери, адамдарды өздөрүнө тартуу жолдору жөнүндө кенен түшүндүрмө берилди. Социалдык тармактар аркылуу жаштардын …

Read More »