ЖАҢЫЛЫКТАР

Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери уурулукка шектүү жаранды кармашты

2017-жылдын 25-декабрь күнү Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Ново-Покровка айылынын 42 жаштагы Т.Т. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып,  2017-жылдын 24-декабрь күнү белгисиз адамдар жабырлануучунун үйүнө терезе аркылуу киришип, түстүү сыналгысын жана видео-камерасын уурдап кетишкенин билдирген. Белгисиз адамдардын мыйзамсыз иш-аркеттеринин кесепетинен арыздануучуга 35 000 сомдук материалдык чыгым келтирилген. Бул окуя боюнча Ысык-Ата РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси …

Read More »

Жайыл районунда бейбаштык фактысына шектелген жаран кармалды

2018-жылдын 9-февраль күнү Жайыл РИИБнин нөөмөт бөлүгүнө октон жаракат алып, болжол менен 30-35 жаштардагы азиат улутундагы жаран аймактык ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча Жайыл РИИБнин ыкчам-тергөө тобу ооруканага келишип, жабырлануучунун өздүгүн такташкан. Ал Кара-Балта шаарынын 30 жаштагы Н.Т. аттуу жашоочусу болуп чыккан. Териштирүү учурунда, 9-февраль күнү болжол менен саат 14:25 чамасында азият улутундагы жаран травматикалык тапанчасы …

Read More »

Чүй облусунун ИИББы жаш өспүрүмдөр арасында тартип бузууларды жана терс көрүнүштөрдү алдын алуу максатында профилактикалык иш чараларды жүргүзүүдө

Чүй облусунун ИИББы жаш өспүрүмдөр арасында профилактикалык иш-чаралар байма-бай өткөрүлгөнү менен кримогендик абал өзгөчө жаш өспүрүмдөр арасында кооптонуу жаратып келээрин билдирет. Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-сентябрь күнү чыккан №185 сандуу “Жаш өспүрүмдөрдүн, психикасына, интелликтуалдык, нравалык, физикалык өнүгүүсүнө жана алардын саламаттыгына залал келтирүүнү алдын алуу боюнча” мыйзамынын негизинде жана Чүй облусунда өспүрүмдөр арасында профилактикалык иш-чаралардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында ыкчам профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлөт. …

Read More »

Чүй облусунун аймагында “Арсенал” аталышында комлекстүү профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

Чүй облусу боюнча коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу үчүн үстүбүздөгү жылдын 5-февралынан 8-февралына чейин мыйзамсыз ок атуучу курал-жарактарды сактоону алдын алуу үчүн “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чарага коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан, лицензияга уруксаат берүү бөлүмүнөн жана Чүй облусу боюнча ИИББнын ЖКККБнын кызматкерлеринен түзүлгөн 180ден ашык кызматкер иш-алып барышкан. …

Read More »

Ысык-Ата райондук милиция кызматкерлери кылмыштын изин суутпай оор кылмышка шектүү жаранды кармашты

Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмыштын изин суутпай оор кылмыштын бети ачылды. 2018-жылдын 31-январь күнү Ысык-Ата РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө бир үйдүн ичинде ызы-чуу болуп жатат деген маалымат келип түшкөн. Ысык-Ата РИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге келишип, 70 жаштагы кары аял кишинин денесине оор залал келтирилгенин аныкташкан. Бул окуя боюнча Ысык-Ата райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмыштын изин …

Read More »

Кемин районунда кымбат баадагы жабдууларды уурдашкан жарандар

2018-жылдын 17-январь күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө Орловка шаарында жайгашкан жеке иш-каналардын биринин башкы директору арыз менен кайрылып, кымбат баадагы жабдууларын бейтааныш адамдар уурдап кеткенин билдирген. Окуя болгон жерге Кемин РИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгышып, ишкананын кеңсесинде турган кымбат баалуу жабдууларын уурдап кеткени аныкталган. Ишканага келтирилген зыяндын өлчөмү 6 990 000 сомду түзгөн. Топтолгон материалдардын негизинде Кемин районунун ИИБнин тергөө …

Read More »

Чүй облусунда трансформатор майларын уурдаган жаран кармалды

Жакында, жалпыга маалымдоо каражаттарында Чүй облусунун бир нече райондорунда “Северэлектр” ишканасына таандык трансформаторлордун майлары уурдалганын жарыяланган. Бир жуманын ичинде Чүй облусунун аймагында трансформатордун 1,5 тонна майы уурдалгандыгы аныкталган. Чүй облусунун бир нече айылдарынын жашоочулары трансформатордон жыт чыгып жатканын, ошондой эле кээ бир учурларда айылдарда свет өчүп калып жаткандыгын байкашкан. Окуя болгон жерлерге электр-тармагынын кызматкерлери чыгып, трасформаторлорду текшерүү учурунда трансформаторлордун майы …

Read More »

Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты

2018-жылдын 16-февраль күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Кой-Таш айылынын 35 жаштагы А.Ч. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, анда “Эдик” аттуу таанышына карата чара көрүүнү суранган. Себеби, 2018-жылдын 16-январь күнү Кой-Таш айлынан жабырлануучунун ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен кирпич алып берем деп 45 000 сомун алып, ошол бойдон изин жашырып качып жүргөн. Жогорудагы факты боюнча Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматы тарабынан …

Read More »

АЛАМҮДҮН РИИБНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ УУРУЛУККА ШЕКТҮҮ ЖАРАНДЫ КАРМАШТЫ

2018-жылдын 4-февраль күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Чоң-Таш айылынын 47 жаштагы К.А. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 3-февраль күнү болжол менен саат 17:30 чамасында белгисиз адамдар жабырлануучунун соода дүкөнүнө киришип, кассада турган 10 000 сом акчасын жана спирт ичимдиктерин уурдап кетишкенин билдирген. Жогорудагы факты боюнча Аламүдүн райондук ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш …

Read More »

Милиция кызматкерлери Сокулук районунда баңгизатты мыйзамсыз алып жүргөн жаранды кармашты

2018-жылдын 2-февраль күнү болжол менен саат 19:00 чамсында, Чүй ОИИББнин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш- чараларынын жүрүшүндө Алексеевка айылынын 29 жаштагы Б.Е. аттуу тургунга өздүк кароо жүргүзүлүп, жанынан 800 грамм салмактагы “марихуана” баңгизаты табылып алынган. Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө

Read More »