ЖАҢЫЛЫКТАР

Аламүдүн районунда мас абалында уруша кеткендердин бири бычактан жаракат алып, шектүү кармалды

2022-жылдын 24-январь күнү болжол менен саат 21:17 чамаларында Аламүдүн РИИБүнө, Пригородное айылында бир жаран бычактан жаракат алган окуя туурулуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Аламүрүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Териштирүү учурунда Пригородное айылындагы эки жаран мас абалында пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, бири бычак менен экинчисинин денеси залал келтиргени маалым болгон. Жабырлануучу 58 жаштагы А.А. экендиги такталып, …

Read More »

Чүй районунда уурулкка шектүү кармалды

2022-жылдын 25-дакбрында Чүй РИИБүнө жергиликтүү М.К. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, анын короосундагы темир буюмдарын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты Чүй РИИБү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Чүй РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектелип 43 жаштагы М.Б. аттуу жаран кармалган. …

Read More »

Жайыл районунда бир нече адам мушташып бир жаран каза болуп, экинчиси ооруканага жакырылды

2022-жылдын 25-январь күнү болжол менен саат 06:00 чамасында Жайыл РИИБүнө бир нече адамдын ортосунда мушташ чыгып, алардын ичинен бирөө бычактан алган жаракатынан улам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Жайыл районунун ИИБнө катталып, окуя болгон жерге РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Териштирүү учурунда 25-январь күнү таңкы саат 06:00 чамасында Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан коомдук тамактануу жайдын кызматкерлери менен …

Read More »

Сокулук районунун базарларында түшүндүрүү иш-чаралар жүргүзүлдү

2020-жылдын 20-январынан тарта Сокулук районунун аймагындагы Жибек-Жолу, Айбек жана Сары-Өзөн базарларынын ичиндеги ирээтсиз соода жүргүзгөндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо жумуштарын аткарышты. Аталган иш-чара жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан уюштурулуп, Сокулук РИИБдүн кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациянын жана айыл өкмөттүн өкүлдөрү менен биргеликте алдын алуу жана түшүндүрү иштерин жүргүзүштү.

Read More »

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

Аламүдүн РИИБүнө арыз менен жергиликтүү  Ц.А. аттуу 1963-жылы туулган жашоочу кайрылган. Анткени  2022-жылдын 20-январында анын үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип , үйдөн 7800 АКШ долларын, 50 миң сомдук кол саатын, 400 долларлык уюлдук телефонун жана зер буюмдарын, уурдап из жашырып кеткенин билдирген. Аталган факт Аламүдүн РИИБүнө  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки териштирүү иштери  башталган. Зарыл болгон …

Read More »

Аламүдүндө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Аламүдүн РИИБүнө арыз менен Д.Т. аттуу жаран кайрылып,  бейтааныш жаран  анын ишенимине кирип, 18 000 сомдук «Редми» үлгүсүндөгү телефонун алдоо жолу менен алып ошол боюнча из жашырып кеткенин билдирген. Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча Аламүдүн РИИБүнө катталып, териштирүү иштери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББнын жана  Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон 1997-жылы …

Read More »

Аламүдүн районундагы мектептеридин биринде болгон окуя тууралуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

Аламүдүн РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө 102 номери аркылуу орто мектептердин биринде бейбаштык фактысы болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Териштирүү учурунда окуучулардын бир нече ата-энеси мектеп мугалими бардарга кол көтөрүүсү боюнча териштирүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын билдиришкен. Ошол эле учурда мугалим менен окуучунун ортосундагы видеого тартылган фактыны кылдат иликтөөнү айтышкан. Бул факты …

Read More »

Кемин районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды

Кемин РИИБүнө 1945-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 21-январь күнү болжол менен саат 12:40 чамаларында анын Кемин шаарында жайгашкан үйүнө белгисиз бейтааныш эки киши киришип, арыздануучуга күч колдонушуп, жаздык менен тумчуктуруп, кийин анын  телефонун алышып, окуя болгон жерден белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген. Бул факты Кемин РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренси …

Read More »

Чүй облусунун ИИББда жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешме болуп өттү

2022-жылдын 20-январь күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жыйындар залында Чүй облустук ички иштер органдарынын 2021-жыл ичинде ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме болуп өттү. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Эркебек Аширходжаев, Чүй облусунун ИИББнын башчысы милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев, анын орун басарлары, башкармалыктардын, кызматтардын, шаардык-райондук ИИБдөрдүн башчылары, ардагерлер кеңешиңин төрагасы Ашыркул Асанов жана …

Read More »

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалышты

Үстүбүздөгү жылдын 16-январь күнү Аламүдүн районундагы Ленин айылында каракчылык фактысы болгондугу тууралуу Аламүдүн РИИБүнө маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чыгышкан учурда 39 жаштагы М.Х. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 2022-жылдын 16-январь күнү болжол менен саат 16:00 чамаларында бейтааныш болжол менен 30-35 курактагы эркек кишилер автоунаа сатып алуучу катары арыздануучунун автоунаасын көрүшүп, кийин Аламүдүн районунда жашаган туугундарына да …

Read More »